Зордук-зомбулук чагылдырылган контент

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Адамдар зордук-зомбулук чагылдырылган жана кабыл алууга оор болгон графикалык сүрөттөрдү ар кандай кабыл аларын билебиз. Колдонуучуларды андай контенттен коргоо үчүн, зордук-зомбулук көп чагылдырылган контентти алып салабыз жана аларды адамдар көрүү максатында басканга чейин ал контент сезимталдуу болушу мүмкүн экендигин билиши үчүн, башка контент түрлөрүнө эскертүү белгилерин кошобуз. Биз жаш колдонуучулар үчүн туура келбеген же жашына ылайык келбей калышы мүмкүн болгон контентти көрүү мүмкүнчүлүгүн чектейбиз. Муну менен биз колдонуучуларыбызга өз оюн билдирүү үчүн аянтча түзүп берүүнү улантуу менен бирге эле алар үчүн ылайыктуу колдонуучу тажрыйбасын камсыз кылууга умтулабыз.
Колдонуучулар адам укуктарын бузуулар же куралдуу кагылыш сыяктуу аракеттерди чагылдыруу же андайларды жектөө үчүн контентти бөлүшүүлөрү мүмкүн экендигин түшүнөбүз. Эрежелерибиз контент ошондой контекстте бөлүшүлгөнүн эске алат жана ага ылайык талкуулоого жана коомчулуктун көңүлүн бурууга уруксат берет.
Акы төлөнүүчү жарнамалар үчүн кошумча коргоолорду сунуштайбыз. Мисалы, сезимтал катары эсептелген контент жарнамаларда көрсөтүлбөшү керек. Ошондой эле, жарнамаларга нес кылуучу, жийиркеничтүү жана башка терс сезимдерди чакырган сүрөттөрдү жана видеолорду кошууга тыюу салабыз. Кененирээк маалымат алуу үчүн, Жарнамалоо стандарттарына кайрылыңыз.
Төмөнкү нерселерди жарыялоого тыюу салынат:
Адамдардын сүрөттөрү
Медициналык эмес контексттеги төмөнкүлөрдү чагылдырган тирүү же өлгөн адамдардын видеолору:
  • Жиликтелген дене.
  • Көрүнүп турган ички органдар, мисалы, тирүү же өлгөн адамдын ачык көрүнүп турган органдары, сөөктөрү же булчуңдары;
  • Күйүп жаткан же өрттөлгөн адамдар; же
  • Кекиртекти кесүү.
Адамдарды өлүм жазасына тартууларды түз алып көрсөтүүлөр.
Садисттик эскертүүлөр
Садисттик эскертүүлөр же пикирлер, мисалы, адамдардын же жаныбарлардын жапа чегүүсүнөн же аларды кордоодон кубанууну же ырахат алууну билдирген коштомо жазуулар же пикирлер.
Төмөнкүлөрдү өчүрөбүз
  • Сүрөттө өзүн-өзү коргоо аракеттерин чагылдырылбаса (мисалы, куралдуу тоноодон өзүн коргогон адамдын видеосу) же медициналык контекстте болбосо (мисалы, операция кылып жаткан дарыгерлердин сүрөтү), бул саясат боюнча адамдарга контент кабатырлантуучу болушу мүмкүн экендигин эскерткен эскертүү экраны кошулган сүрөттөргө карата садисттик эскертүүлөр (видеолорго жана сүрөттөргө).
  • Сүрөттө чагылдырылган жаныбарлардын кыйналып жаткандыгына карата кылынган ачык садисттик эскертүүлөр жана өлүп бара жаткан жаныбарларды чагылдырган сүрөттөр.
  • Бул эрежеге ылайык өчүрүлгөн же эскертүү экранын алган сүрөттөрдү сунуштоо же суроо, эгерде алар садисттик эскертүүлөр менен коштолсо.
Адамдарга контент үрөй учуруучу экенин билдирүү үчүн, төмөнкү контенттерге эскертүү экранын кошобуз. Андан сырткары, андай контенттерди 18 жаш жана андан жогору курактагы чоң кишилер гана көрө алуусу үчүн, чектөө киргизебиз:
Адамдардын сүрөттөрү
Медициналык контекстте төмөнкүлөрдү чагылдырган тирүү же өлгөн адамдардын видеолору:
  • Жиликтелген дене.
  • Көрүнүп турган ички органдар, мисалы, тирүү же өлгөн адамдын ачык көрүнүп турган органдары, сөөктөрү же булчуңдары;
  • Күйүп жаткан же өрттөлгөн адамдар, анын ичинде кремация контекстинде; же
  • Кекиртекти кесүү.
Төмөнкүлөрдү чагылдырган тирүү же өлгөн адамдардын сүрөттөрү:
  • Жиликтелген дене.
  • Көрүнүп турган ички органдар, мисалы, тирүү же өлгөн адамдын ачык көрүнүп турган органдары, сөөктөрү же булчуңдары;
  • Күйүп жаткан же өрттөлгөн адамдар; же
  • Кекиртекти кесүү.
Мыкаачылылык менен өлтүрүлгөн адамды чагылдырган сүрөт-видеолор (анын ичинде анын өлүм учурундагы же андан кийинки сүрөттөрү) же адамдын жашоосуна коркунуч келтирген окуялардын сүрөттөрү (мисалы, унаа сүзүп жаткандагы, бийик жерден кулап жаткандагы же өлүмгө дуушар кыла турган физикалык жаракат алып жаткандагы башка сүрөттөр).
Адамды өлүм жазасына тартууну чагылдырган сүрөттөр (түз алып көрсөтүүлөрдөн тышкары).
Бир адамга же адамдар тобуна каршы жасалган мыкаачылыкты чагылдырган сүрөттөр (мисалы, зордоп кармалган субъектке каршы зордук-зомбулук аракеттери же өлүм менен коркутуулар).
Адамдын терисин тешип жаткан медициналык жана медициналык эмес бөтөн буюмдар (мисалы, бычактар, мыктар же башка темир буюмдар).
Адамдын сынып калган, канап жаткан, жулунгандан кийин канап жаткан тиштерин же тиштерге же бүйлөлөргө бөтөн буюмдарды киргизип жаткандыгын чагылдырган сүрөттөр.
Сүрөттө башка адам болбосо, жатындын сыртындагы чарчап калган түйүлдүктөр менен ымыркайлардын сүрөттөрү.
Жаныбарлардын сүрөттөрү
Жан-жаныбарлардын тирүү же өлгөн сүрөттөрү – бөлүктөрүн, көзгө көрүнгөн ички органдарын, күйүп же өрттөлүп же тирүүлөй кайнатылып жатканын чагылдырган сүрөттөр.
Өлүп бара жаткан жаныбарлар;
Адамдардын тирүү жаныбарларга ырайымсыздык кылып жаткан сүрөттөрү (мисалы, тепкилөө, сууга чөктүрүү же жүнүн жулуп алуу).
Төмөнкү контент үчүн, 18 жаштан өткөн колдонуучуларга көрүү мүмкүнчүлүгүн чектейбиз:
Адамдардын сүрөттөрү
Мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн көрсөткөн белгилер жок болсо дагы, өлүп калган адамдын жарым-жартылай же толук ачылган денесин чагылдырган сүрөттөр.
Сүрөттө башка адам болгон учурда, жатындын сыртындагы чарчап калган түйүлдүктөр менен ымыркайлардын сүрөттөрү.
Эмдөө, ийне менен дарылоо, кургак ийне саюу, татуировка чегүү же пирсинг жасоо учурларынан сырткары, ийненин адамдын терисине сайылып жатканын чагылдырган сүрөттөр.
Жаракат алган адамдарды медициналык контекстте, алардын ооруп же кыйналып жаткандарын, көгөргөндүгүн же бетиндеги жана/же колдорундагы медициналык түтүкчөлөр менен чагылдырган сүрөттөр.
Адамдын денесинен чыккан калдыктарды же суюктуктарды чагылдырган сүрөттөр (мисалы, заң, заара, кусунду, кулку, былжыр, териден бөлүнүп чыккан нерселердин кошумча заттары же кан).
Күйүп жаткан же жарылып кеткен унааларды же катуу ылдамдыкта келе жатып бир нерсени сүзгөндүктөн улам жолунан чыгып кеткен унааны жана/же унаанын айдоочу отурган жери же салону катуу жабыркаган учурду же анын кесепетин чагылдырган сүрөттөр.
Жаныбарлардын сүрөттөрү
Кан көрүнгөн тирүүлөй же өлүк жан-жаныбарлардын сүрөттөрү.
Жаныбарларды төрөт убагында чагылдырган сүрөттөр (мисалы, кан же ички органдары көрүнүп турса).
Ооздорунан курт-кумурскалар чыгып аткан тирүү же өлүк жаныбарларды чагылдырган сүрөттөр (мисалы, чымын-чиркейлердин жумурткалары же курттар).
Жабыркаган жаныбарлардын кыйналып жатканын чагылдырган сүрөттөр.
Ойдон чыгарылган сүрөттөр
Төмөнкү контексттерде ойдон чыгарылган адамдарды чагылдырган сүрөттөр:
  • Жиликтелген дене;
  • Көрүнүп турган ички органдар, мисалы, органдар, сөөктөр же булчуңдар;
  • Күйүп жаткан же өрттөлгөн адамдар;
  • Кекиртекти кесүү; же
  • Мыкаачылык менен кыйылган өмүрлөр же жашоого коркунуч туудурган окуялар.
Төмөнкү контексттерде ойдон чыгарылган, фотореалисттик, адамдарды (чыныгы адамдын сүрөтүнө же видеосуна бир аз же аябай окшош сүрөттөр) чагылдырган сүрөттөр:
  • Терини тешип жаткан медициналык эмес бөтөн буюмдар (мисалы, бычактар, мыктар же башка темир буюмдар);
  • Кандан тышкары, адамдын денесинен чыккан башка калдыктар же суюктуктар (мисалы, заң, заара, кусунду, кулку, былжыр, териден бөлүнүп чыккан нерселердин кошумча заттары);
  • Жатындын сыртындагы чарчап калган ымыркайлар же түйүлдүктөр;
Төмөнкү контексттерде ойдон чыгарылган, бирок фотореалисттик жаныбарларды чагылдырган сүрөттөр:
  • Жиликтелген дене;
  • Көрүнүп турган ички органдар, мисалы, органдар, сөөктөр же булчуңдар;
  • Күйүп жаткан же өрттөлгөн жаныбарлар;
  • Тирүүлөй кайнатылып жаткан жаныбарлар;
  • Сүрөттө кан бар;
  • Өлүп бара жаткан жаныбарлар;
  • Тирүү жаныбарларга ырайымсыздык жасаган адамдар (мисалы, тепкилөө, сууга чөктүрүү же жүнүн жулуп салуу);
  • Жабыркаган жаныбарлардын кыйналып жатканы
  • Ичтеринен курт-кумурскалар чыгып жаткан жаныбарлар (мисалы, чымын-чиркейлердин жумурткалары же курттар).
Төмөнкү Коомдоштук стандарттарын ишке ашыруу үчүн биз кошумча маалымат жана/же контекст талап кылабыз:
Төмөнкүлөргө тыюу салабыз:
Адамдын өлүмү укук коргоо органдарынын протоколунда, каза болгондугу жөнүндө күбөлүктө, Ишенимдүү Өнөктөштүн отчетунда же ММКнын кабарларында тастыкталган болсо жана маркумдун үй-бүлө мүчөсү өчүрүүнү өтүнсө, адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгүнүн сүрөтү же аудиосу.
Нааразылык акциясы катары өзүн-өзү өрттөө учурунда күйүп калган же күйүп жаткан адамдардын видеосу.
Уруксат берилиши мүмкүн:
Адамдын кыйноо менен өлтүрүлгөндүгү же өмүрүнө коркунуч туудурган окуянын сүрөттөрү кокусунан сүрөттөлгөн учурда
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Дайындар
Акыркы Коомдоштук стандарттарын аткаруу отчётун көрүү
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Зордук-зомбулук чагылдырылган контент боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз