Өз жанын кыюу, өзүнө зыян келтирүү жана тамактануу адаттарынын бузулуулары

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Колдонмолорубузду колдонгон адамдардын коопсуздугуна терең маани беребиз. Өзүбүздүн саясаттарыбыздын жана тартиптин сакталышы тууралуу маалымат берип туруу үчүн, эксперттер менен дайыма өз жанын кыюу, өзүнө зыян келтирүү жана тамактануу адаттарынын бузулуулары маселелери боюнча кеңешип турабыз жана кыйынчылыкка кабылган адамдарга жардам берүү үчүн, дүйнө жүзүндөгү уюмдар менен иштешебиз.
Адамдарга атайылап же билбестен өз жанын кыюуну, өзүнө зыян келтирүүнү же тамактануунун бузулушун даңазалоого же үгүттөөгө жол бербейбиз, бирок бул темаларды талкуулоого уруксат беребиз, анткени Facebook платформасы адамдар өз тажрыйбасы менен бөлүшө турган, бул маселелер боюнча маалымдуулукту арттыра турган жана бири-бирине колдоо көрсөтө турган жер болушун каалайбыз. Ошондой эле, 18 жаштагы жана андан жогору курактагы чоң кишилерге гана көрсөтүү үчүн, бул контентке чектөө киргизебиз.
Өз жанын кыюуга, өзүнө зыян келтирүүгө же тамактануунун бузулушуна үндөгөн бардык контентти, анын ичинде мемдер же иллюстрациялар сыяктуу ойдон чыгарылган контентти жана өзүнө зыян келтирүүчү графикалык контентти, кандай контекстте колдонулганына карабастан, алып салабыз. Кескин арыктоо менен байланышкан жүрүм-турум боюнча көрсөтмөлөрдү камтыган контентти алып салабыз. Ошондой эле, өз жанын кыюунун, өзүнө зыян келтирүүнүн же тамактануунун бузулушунан жабырлануучуларды же андайдан аман калгандарды шылдыңдаган контентти жана реалдуу убакытта өз жанын кыюусун же өзүнө зыян келтирүүсүн көрсөткөн контентти алып салабыз. Өз жанын кыюудан, өзүнө зыян келтирүүдөн же тамактануунун бузулушунан кийин калыбына келүү тууралуу мазмунга уруксат берилген, бирок анда маанай чөктүрө турган сүрөттөр (айыккан тырык сыяктуу) камтылышы мүмкүн болгондуктан, ал "кабыл алууга оор болушу мүмкүн" деген эскертүү экранынын артына жайгаштырылат жана 18 жаштан жогору курактагы чоң кишилердин гана көрө алуулары үчүн контентке чектөө киргизилет.
Адамдар өз жанын кыюуга, өзүнө зыян келтирүүгө же тамактануунун бузулушуна байланыштуу контентти жайгаштырса же издесе, биз аларды атайын колдоо көрсөтө турган жергиликтүү уюмдарга багыттайбыз жана эгерде биздин Коомчулук менен иштешүү тобубуз дароо зыян келтирилиши мүмкүн деп кооптонсо, жардам берүү үчүн, жергиликтүү куткаруу кызматтарына байланышабыз. Кененирээк маалымат алуу үчүн, Meta Коопсуздук борборуна баш багыңыз.
Түз эфирлер тууралуу айтсак, эксперттердин сунуштарына ылайык, эгерде колдонуучу түз эфирде өз жанын кыюу ниетин билдирсе, биз андай контенттин трансляциясын мүмкүн болушунча созуп турушубуз керек. Себеби, адам камерага канчалык көп сүйлөп турса, анын досу же үй-бүлө мүчөсү үчүн куткаруу кызматын чакырууга ошончолук көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бирок, мындай контентти көрүү аркылуу башкалардын терс таасир алуу тобокелин азайтуу үчүн, коркунуч аракет кылууга айланган учурда түз эфирди токтотобуз. Жогоруда айтылгандай, кандай болгон күндө да, кимдир бирөөнүн өзүнө зыян келтирүү коркунучу бар экенин аныктасак, биз куткаруу кызматтары менен байланышабыз
Төмөнкүлөргө тыюу салабыз:
  • Өз жанын кыюуну, өзүнө зыян келтирүүнү же тамактануунун бузулушун жарнамалаган, аларга үндөгөн, уюштурган же аларга көрсөтмөлөрдү берген контент.
  • Өз жанын кыюунун, өзүнө зыян келтирүүнүн же тамактануунун бузулушун графикалык чагылдырган контент
  • Өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан адамды же өз жанын кыйган адамды чагылдырган контент
  • Тамактануунун бузулушун байланышкан терминдер менен бирге адамдардын сүрөттөрү көрсөтүлгөн учур
  • Тамактануунун бузулушуна байланыштуу терминдер менен бирге кабыргалардын, акыректин, сан ортосундагы боштуктун, жамбаштын, кирип турган ичтин, чыгып турган омуртканын, далынын, колдордогу же буттардагы көрүнүп турган сөөктөрдүн же кирип турган жаактардын сүрөттөрүн көрсөткөн контент
  • Кескин арыктоо менен байланышкан жүрүм-турум боюнча көрсөтмөлөрдү камтыган контент
  • Тамактануунун бузулушуна байланыштуу терминдер менен бирге кескин арыктоону кабыл алган контент
  • Тамактануунун бузулушуна байланыштуу терминдер менен бирге чектелген диета кармоо үчүн көрсөтмөлөрдү камтыган контент
  • Өз жанын кыюуга аракет кылды же өзүнө зыян келтирди же тамактануунун бузулушун башынан өткөрүп жатат же башынан өткөргөн деп жалпыга таанылып, өз жанын кыюудан, өзүнө зыян келтирүүдөн же тамактануунун бузулушунан жабыркагандарды же аман калгандарды шылдыңдаган контент
  • Өз жанын кыюу же өзүнө зыян келтирүү контекстинде жарыяланган учурда дененин өзгөрүүсүн чагылдырган сүрөттөр (мисалы, татуаж, пирсинг, тырыктарды калтыруу, өзүн жазалоо ж.б.)
Адамдарга контент үрөй учуруучу экенин билдирүү үчүн, төмөнкү контенттерге эскертүү экранын кошобуз. Андан сырткары, андай контенттерди 18 жаштан өйдө чоң адамдар гана көрө алуусу үчүн, чектөө киргизебиз:
  • Медициналык шартта эвтаназияга туш болгон/өз жанын кыюуга жардам берген адамдын сүрөттөрү же видеолору.
  • Өзүнө зыян келтирүү, өз жанын кыюу же калыбына келүү контекстиндеги айыккан кесиктердин же башка өзүнө зыян келтирүүнүн графикалык эмес сүрөттөрү сыяктуу өзүнө зыян келтирүүнүн эски учурларын чагылдырган контент.
  • Калыбына келүү контекстинде кабыргаларды, акыректерди, сандардын ортосундагы боштукту, жамбашты, кирип турган ичти, чыгып турган омуртканы, далыны, колдордогу же буттардагы көрүнүп турган сөөктөрдү же ичине кирген жаактарды чагылдырган контент
Адамдарга булактарды берип, 18 жаштагы жана андан жогору курактагы чоң кишилерге гана көрсөтүү үчүн төмөнкү контентке чектөө киргизебиз:
  • Өз жанын кыюуну, өзүнө зыян келтирүүнү же тамактануунун бузулушун жазуу же оозеки түрдө моюнга алуу.
  • Өзүн-өзү өлтүрүү же өзүнө зыян келтирүү маанисиндеги так эмес, потенциалдуу суициддик билдирүүлөр же шилтемелер (анын ичинде өлүмдү маселени чечүү катары көрсөткөн, депрессия тууралуу мемдер же сток сүрөттөр, же болбосо кайгылуу, депрессиялык ойлорго басым жасаган популярдуу маданиятка тиешелүү контент).
18 жаштагы жана андан жогору курактагы чоң кишилерге гана көрсөтүү үчүн, төмөнкү контентке чектөө киргизебиз:
  • Өз жанын кыюу, өзүнө зыян келтирүү же тамактануунун бузулушуна байланышкан түшүнүктөрдү шылдыңдоо же четке кагуу
  • Өз жанын кыюуну жөн гана атап коюу же ал аракетти же анын кесепеттерин билдируу менен гана чектелбестен, аны майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөгөн окуялар
  • Кескин арыктоо жүрүм-турумун моюнга алуу
Төмөнкү Коомдоштук стандарттарын ишке ашыруу үчүн биз кошумча маалымат жана/же контекст талап кылабыз:
  • Эгерде бизде өз жанын кыйганы же жанын кыюуга аракет кылганы боюнча далилдер бар болсо, анда биз жанын кыюу алдындагы жазууларды алып салышыбыз мүмкүн. Адамдар өзүн-өзү өлтүрүү алдында жазган каттарды бир нече факторлорду, анын ичинде төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныктоого аракет кылабыз:
    • Үй-бүлө же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн сурамдары,
    • Маалымат каражаттарынан, укук коргоо органдарынан же башка үчүнчү тараптын булактарынан (мисалы, мамлекеттик органдар, БӨУ) түшкөн арыздар же Өз жанын кыюуга байланыштуу контент боюнча байланыш формасы же Instagram'дын байланыш формасы.
    • Колдонуучу Meta платформаларында жарыяланган конкреттүү контент башка адамдарга коркунуч жаратарын баалоо үчүн ал биздин платформалардан тышкаркы жерлерде өз жаны кыюуга, өзүнө зыян келтирүүгө аракет кылганын, тамактануу адаттары бузулганын же экстремалдуу арыктоо практикаларын жасаганын моюнга алганын же андай идеяларды тараткандыгы тууралуу белгилерди эске алышыбыз мүмкүн.
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Дайындар
Акыркы Коомдоштук стандарттарын аткаруу отчётун көрүү
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Өз жанын кыюу, өзүнө зыян келтирүү жана тамактануу адаттарынын бузулуулары боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз