Чоң адамдарга сексуалдык жактан асылуу жана ачык-айкын сексуалдык мүнөздөгү сөздөр

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Чоң адамдарды сексуалдык жактан эксплуатациялоо бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, адамдар кызматтарыбызды сексуалдык зордук-зомбулукту жана сексуалдык эксплуатацияны талкуулоо жана ага коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн колдонушат. Андай талкуунун маанилүүлүгүн түшүнөбүз жана ага уруксат беребиз. Биз ошондой эле сексуалдык кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн укугун коргоону жана сексуалдык кызмат көрсөтүүнү көзөмөлдөөнү талкуулоого уруксат беребиз. Бирок, контент чоңдордун ортосунда сексуалдык мүнөздөгү жолугушууларга же коммерциялык сексуалдык кызматтарды кылууга көмөктөшсө же башка порнографиялык же сексуалдык контентти сураса же сунуштаса, биз чектөө коёбуз. Биз муну адам сатуу, мажбурлоо жана адамдын макулдугу жок башка сексуалдык мүнөздөгү аракеттер менен байланыштуу болушу мүмкүн болгон транзакцияларга жол бербөө үчүн кылабыз.
Биз ошондой эле сексуалдык жактан асылууга алып келиши мүмкүн болгон сексуалдык мүнөздөгү сөздөрдү колдонууну чектейбиз, анткени биздин дүйнөлүк коомдоштугубуздагы айрым аудиториялар андай контентке сезимтал болуп, адамдардын достору жана коомдоштук менен баарлашуусуна тоскоол болушу мүмкүн.
Төмөнкүлөргө тыюу салабыз:
Акчага же башка баалуу нерсеге сексуалдык мүнөздөгү жолугушууларды сураштыруу же өзүн сунуштоо катары аныкталган сойкулук үчүн байланыш жолдорун сунуштаган, сураган же камсыз кылган контент:
  • Сексуалдык мүнөздөгү жолугушууларды сунуштоо же сураштыруу (мисалы, эскорттук кызматтар, сексуалдык/эротикалык массаждар, секс жөнүндө чаттар/маектешүүлөр, фетиш/үстөмдүк кызматтары)
  • Сойкулукту, сойкулук кызматынын баасын же акчага же баалуу нерсеге байланышкан төлөмдөрдүн белгисин, жайгашкан жерин же байланыш маалыматын сурап-билүү же сунуштоо менен бирге сойкулукту билдирген сленг терминдерин колдонуу
  • Сойкулук кызматынын баасына же акчага же баалуу нерсеге байланышкан төлөмдөрдү жүргүзүү менен бирге эле сексуалдык жактан асылуу
  • Сексуалдык байланыштарды же өнөктөштөрдү, алардын наркы же акчалай же натуралай төлөмдөр менен бирге чагылдыруу же айтып өтүү.
  • Сексуалдык мүнөздөгү коммерциялык кызматтарда башка адамдар үчүн иштөөгө адамдарды жалдоо же сунуштоо Адамдарды эксплуатациялоо саясатына ылайык каралат.
Төмөнкүлөрдү камтыган сексуалдык байланыштарды сунуштаган, сураган же байланыш жолдорун сунуштап, сексуалдык жактан асылууну камтыган контент:
  • Жыныстык катнаш же стимуляция
  • Оралдык катнаш
  • Сексуалдык фетиштер
  • Жыныстык катнаш тууралуу чаттар же сүйлөшүүлөр
  • Сексуалдык же эротикалык укалоолор
  • Эротикалык бийлер же стриптиз
  • Жылаңач сүрөттөрдү (мисалы, жылаңач денелер, сексуалдык видеолор) бөлүшүү
Порнографиялык материалдарды алуу үчүн байланыш жолдорун сураган же сунуштаган, же порнографиялык вебсайттарга колдонуучунун аттарын же шилтемелерди камтыган контент.
Ачык же графикалык элементтерди колдонгон ачык сексуалдык мүнөздөгү билдирүүлөр:
  • Жыныстык органдар,
  • Сексуалдык дүүлүгүү абалдары (мисалы, нымдашуу же эрекция)
  • Сексуалдык мүнөздөгү жолугушуулар
  • Жогорудагылар тамаша, сатиралык контекстте же сексуалдык тилдөө катары жарыяланган контентти камтыбайт
Бул эреже колдонулган контент айыптоо, агартуучулук, маалымдуулукту жогорулатуу же жаңылыктарда чагылдыруу контексттеринде жарыяланса, ага уруксат беребиз. Ушул эреженин алкагында биз сексуалдык тажрыйбаларды талкуулоого дагы тыюу салбайбыз. Анткен менен, Саламаттык жана бакубаттуулук боюнча саясатка ылайык, эрезеге жете электерге алардын жаш курагына ылайыктуу тажрыйбаларды гана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн, мындай контент 18 жаштан ашкан чоң кишилерге гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
18 жаштан ашкан курактагы чоң кишилерге гана көрсөтүү үчүн, төмөнкү контентке чектөө киргизебиз:
  • Сексуалдык тажрыйбаларды талкуулаган контент
  • Чоңдор үчүн жазылуу вебсайттарынын колдонуучуларынын аттарын, шилтемелерин же логотиптерин камтыган контент
  • Тамаша же сатира иретинде айтылган ачык-айкын сексуалдык мүнөздөгү сөздөр, анын ичинде сексуалдык метафоралар
  • Сексуалдык мүнөздөгү жолугушууларды билдирген ачык-айкын сексуалдык мүнөздөгү сөздөр
Төмөнкү Коомдоштук стандарттарын ишке ашыруу үчүн биз кошумча маалымат жана/же контекст талап кылабыз:
  • Айрым учурларда, контент сатира мүнөзүндө экени аныкталса, биздин Коомдоштук стандарттарыбызды бузган контентке уруксат беребиз. Контентке анын стандарттарды бузуп жаткан элементтери тамаша катары болгондо же бир нерсеге же бирөөгө аларды тамашалап же сындоо үчүн колдонулса гана уруксат берилет.
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Чоң адамдарга сексуалдык жактан асылуу жана ачык-айкын сексуалдык мүнөздөгү сөздөр боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз