Тыюу салынган коммерциялык иш-аракеттер

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Колдонуучулардын жана компаниялардын акчасын, мүлкүн же жеке маалыматын алдамчылык менен алдырып жиберүүдөн коргоого умтулабыз. Ошондуктан, тыюу салынган коммерциялык иш-аракеттерди камтыган контентке жана жүрүм-турумга тыюу салабыз. Буга жумуш менен камсыздоо же өкмөттүк программалар боюнча жалган сунуштар, атактуу адамдар жана бренддердин атын жамынуу, инвестициялык схемалар (анын ичинде кепилденген киреше), карыздан кутулуу жана насыялык рейтингди калыбына келтирүү боюнча схемалар, тез баюу жана белек таркатуу схемалары, романтикалык мамиле жана кайрымдуулук ниетин жамынган схемалар кирет.
Адамдарга шылуундук жана башка тыюу салынган коммерциялык иш-аракеттер тууралуу башкаларды кабарлоого жана мындай көрүнүштөрдү айыптоого (купуя маалымат ачыкталбаса же тыюу салынган иш-аракеттер жарнамаланбаса) уруксат беребиз.
Тыюу салынган документтерге жана Каржылык кызматтарга тиешелүү эрежелерди көрүү үчүн Чектелген товарлар жана кызматтар боюнча Коомдоштук стандарттарын караңыз.
Эрежелерди сактоо боюнча чараларыбыз кынтыксыз эмес, андыктан бардык эреже бузууларды аныктай албашыбыз мүмкүн. Алдамчылык контентин аныктоо жана өзүңүздү коргоо боюнча кеңири маалымат алуу үчүн Шылуундуктан коргоо борборуна баш багыңыз.
Эрежелерди сактоо
Эрежелерди сактоо үчүн төмөнкүлөрдү камтыган, бирок алар менен эле чектелбеген чараларды көрүшүбүз мүмкүн: контентти жана жарнамаларды өчүрүү, жайылтууну азайтуу, жарнамалык аккаунттарды жана функцияларды чектөө, ырастоону талап кылуу же аккаунттарды жабуу. Бул чараларды көрүүгө алдын ала аныктоо аракеттерибиз же ишенимдүү уюмдардын арыздары жана колдонуучулардын пикир-маалыматы (төмөндө сүрөттөлгөн) себеп болушу мүмкүн.
Колдонуучунун пикир-маалыматы
Колдонуучулардын пикир-маалыматы алардын платформаны колдонуусуна терс таасир тийгизген коммерциялык иш-аракеттерди аныктоого жардам берет. Биз туруктуу мыйзам ченемдүүлүктөр же ашыра көп терс пикир-маалыматтар сыяктуу сигналдарды карап чыгып, аларды жарнама берүүчүлөр жана сатуучулар менен бөлүшөбүз. Мындай аракет алардын контентин жана кардарлардын канааттануусун жогорулатууга жардам берет. Эскертүүлөргө карабай терс пикир-маалыматтар келип жатса, жоопкерчиликтүү аккаунттарды же объекттерди чектөө же өчүрүү чейин жогорудагы чараларды көрүшүбүз мүмкүн. Буга төмөнкүдөй көрүнүштөргө карата чара көрүү кирет:
  • Адаштыруучу же негизсиз баалар.
  • Камсыздабагандык: төлөм жүргүзүлгөндөн кийин сатылып алынган товарларды же кызматтарды камсыздабагандык.
  • Өнүм тууралуу туура эмес маалымат берүү: жарнамалангандан бир топ айырмаланган өнүмдөрдү же кызматтарды илгерилетүү, анын ичинде сапаты боюнча олуттуу айырмачылыктар же туура эмес товарлар.
  • Уруксатсыз алынган төлөмдөр: кардардын макулдугу жок же тиешелүү маалыматсыз төлөм ыкмасынан акы алуу.
  • Товарларды же төлөмдөрдү кайтарып берүү эрежелерин бузуу: товарларды же товарларды кайтаруу боюнча эрежелерди аткарбоо.
  • Жазылуулар боюнча алдамчылык аракеттер: шарттарды так ачыктабастан кардарларды кайталануучу төлөмдүн негизинде пландарга же кызматтарга каттоо.
  • Мыйзамдуу коммерциялык сайттарга багыттамак болуп, бирок шылуундук сайттарга алып барган шилтемелер.
Төмөнкүлөргө тыюу салабыз:
Коммерциялык же каржылык пайда алуу максатында адамдарды же компанияларды адаштыруу үчүн алдамчылык ыкмаларды колдонгон контент, анын ичинде, бирок булар менен чектелбейт:
Тыюу салынган насыялык контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Насыя алуу үчүн колдонуучудан алдын ала төлөм талап кылган насыя сунуштары.
  • Карыз алуучунун каржылык маалыматы сыяктуу стандарттык текшерүү критерийлерин атабастан насыя өтүнмөсүн ырастоого кепилдик убада кылган насыя сунуштары.
Тыюу салынган кумар оюндар контенти
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Чыныгы акча төлөп берүү убадасы менен кумар оюндары ("Чыныгы акча" – бул чыныгы жашоодо товарларды сатып алууга же кызматтар үчүн төлөөгө колдонууга боло турган чыныгы валюта, анын ичинде АКШ доллары сыяктуу улуттук валюталар жана Биткоин сыяктуу виртуалдык валюталар):
    • утууга кепилдик берген.
    • оюндун же матчтын жыйынтыгы бурмаланганын кыйыр түрдө билдирген же моюнга алган
    • адамдарды матчтын жыйынтыгын атайлап бурмалоого чакырган же жыйынтыгын бурмалоо боюнча жардам же кеңеш сураган
    • кумар оюндары боюнча кызматтарды алдамчылык же түшүнүксүз жолдор менен жарнамалаган (мисалы, кумар оюндарын жарнамалаган сүрөт/видеого тиешеси жок текстти жайгаштыруу)
  • Кумар оюндарынын белгилүү шылуун камсыздоочуларынан кызматтарды жарнамалаган сунуштар.
Кумар оюндарына окшоштурулуп түзүлгөн, чыныгы акча утуп алуу мүмкүнчүлүгү жок социалдык казинолор Чектелген товарлар жана кызматтар боюнча Коомдоштук стандарттарыбыз менен жөнгө салынат.
Тыюу салынган инвестициялык контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Инвестициянын акталышына кепилдик берүү же тобокелдер жок инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо.
  • Инвестициянын кайтарылышы же компенсация толук же жарым-жартылай түрдө башкаларды схемага катыштырууга негизделген инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо.
  • Мурунку ийгиликтүү ишмердүүлүктү же кирешелүүлүктү айтуу же аларга шилтеме келтирүү аркылуу ушундай натыйжаларды келечекте алуу үмүтүн жаратуу максатына негизделген инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо.
  • Инвестициялардын ылдам кайтарылышын (мисалы, 24 саат ичинде) убада кылган сунуштар.
  • "Акчаны тез көбөйтүү", "тез баюу" же ошол сыяктуу терминдерди ачык-айрым колдонуп, белгилүү бир суммадагы акчаны тез айлантуу же кандайдыр амалды же страгенияны колдонуу жолу менен чоң акчага айлантууну сунуштоо.
Тыюу салынган кайрымдуулук контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Кайрымдуулук үчүн акча же садака суроо боюнча алдамчылык иш-аракеттер
Тыюу салынган романтикалык контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Акча же ага барабар нерсени сунуштоо же суроо менен коштолгон сексуалдык эмес мүнөздөгү баарлашууну же байланышты көздөгөн интернеттеги романтикалык мамиле курууга аракет кылуу боюнча алдамчылык аракеттер.
Бренддин же атактуу адамдын атын жамынуу боюнча тыюу салынган контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Шылуундук максатында колдонуучуларды контентке тартуу үчүн белгилүү бир бренддин же уюмдун атынан сүйлөп же өзүн өкүлү катары тааныштырып, адаштыруучу тактикаларды колдонуу аркылуу бренддердин атын жамынып алдоо.
  • Шылуундук максатында колдонуучуларды контентке тартуу үчүн белгилүү инсандын атын, окшоштугун же сүрөтүн колдонуп, адаштыруучу тактикаларды колдонуу аркылуу белгилүү адамдын атын жамынып алдоо.
Тез арада байып кетүү боюнча тыюу салынган контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Түшүнүксүз же аз аракеттер аркылуу чындыкка коошпогон каржылык сыйлык алуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо.
Материалдык, руханий же иллюминаттар тууралуу тыюу салынган контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Кайсы бир бирикмеге, культка, диний сектага (мисалы, Иллюминат боордоштугуна) мүчө болуу же кошулуу үчүн акча, товарлар же акчалай баалуулугу бар кызматтар, анын ичинде физикалык, санариптик же виртуалдык валюталар жана физикалык же санариптик товарлар жана кызматтар сыяктуу материалдык сыйлыктарды сунуштоо.
  • Кара дубаны же "окутуп коюуну", же сыйкырдуу нерселерди (мисалы, дуба окуу, тумарлар, амулеттер, ырымдар, сыйкырдуу ичимдиктер, керемет капчыктар ж.б.) колдонуу үчүн материалдык сыйлыктарды сунуштоо.
Камсыздандыруу боюнча тыюу салынган контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Администратордук комиссия же депозит сыяктуу аванстык төлөм талап кылуу менен бир топ арзандатылган жасалма камсыздандырууну сунуштоо.
  • Кадимки камсыздандыруу компанияларына салыштырмалуу камсыздандыруудан көп үнөмдөп калуу убадасы менен бир топ арзандатылган жасалма камсыздандырууну сунуштоо.
Жумуш боюнча тыюу салынган контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Иш берүүчү жана жумуштун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматты камтыбай, жумуш орундарын гана көрсөткөн сунуштар.
  • Үйдөн иштөө мүмкүнчүлүгүн камтыган, бирок жумуштун аталышы аны алыстан аткарууга болбой турганын билдирген сунуштар;
  • Айлык акыны алдын ала берүү убадасы менен жумуш тууралуу сунуштар.
  • Жумушка орноштуруу кепилдигин камтыган сунуштар.
  • Жумуш берилгенге чейин аванстык төлөмдү талап кылган сунуштар.
Карызды жоюу жана насыялык рейтингди калыбына келтирүү боюнча тыюу салынган контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Белгиленген мөөнөттүн ичинде белгилүү бир суммадагы карызды жоюуну же азайтууну убада кылуу.
  • Бардык карызды өндүрүү же соттук териштирүү боюнча аракеттерди токтотууну убада кылуу.
  • Насыялык отчёттордон насыялык маалыматты өчүрүүнү же насыя боюнча жаңы өздүк маалыматты түзүүнү убада кылуу.
Белек таркатуу боюнча тыюу салынган контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Колдонуучудан жеке же каржылык маалыматты бөлүшүүдөн башка аракеттерди талап кылбаган, чыныгы акча же керектөө товарларын берүүгө (мисалы, электроника, унаа же зер буюмдары) кепилдик берген сыйлыктар тууралуу жалган сунуштар.
  • Мамлекеттик гранттардан же программалардан акча берүү туууралуу жалган сунуштар.
Аванстык төлөм боюнча тыюу салынган контент
Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Алдын ала комиссия/банк которуулар/төлөм үчүн акча берүү тууралуу жалган убадалар.
Жогоруда айтылгандарга карабастан, купуя маалыматты ачыктабастан же аларды жарнамалабастан, шылуундук жана башка тыюу салынган коммерциялык иш-аракеттерди сындап, айыптап, андайлар боюнча эскертип же түшүндүрмө берген контентке тыюу салбайбыз.
Тыюу салынган коммерциялык иш-аракеттер боюнча эрежелерди бузган аккаунттарды өчүрүүдөн тышкары, автоматташтырылган системаларыбыз бир катар жүрүм-турум белгилери боюнча потенциалдуу шылуундук аракеттерди жайылтуу коркунучун жана керексиз байланыштарды аныктап, аларды бөгөттөйт.
  • Биз жазылбаган адамдарга керексиз билдирүүлөрдү жөнөтүп, жайгашкан жерин атайлап туура эмес көрсөтүп же алдамчылык боюнча эрежелерди бузганы үчүн өчүрүлгөн коомдоштуктардын (мисалы, Баракчалардын) администратору болгону сыяктуу аракеттердин негизинде аккаунттарды бөгөттөп же өнүмдөрдү жана функцияларды (мисалы, айрым аккаунттарга билдирүү жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө) колдонууну чектей алабыз.
Төмөнкү Коомдоштук стандарттарын ишке ашыруу үчүн биз кошумча маалымат жана/же контекст талап кылабыз:
Төмөнкүдөй контентти өчүрүшүбүз мүмкүн:
  • Ишенимдүү уюм тарабынан билдирилген алдамчылыкты же шылуундукту камтыган контент.
  • Өкмөттүк мекемелердин же жаңылыктар агенттиктеринин атын жамынган, же сенсациялык же апыртылган билдирүүлөрдү колдонуу сыяктуу алдоочу тактикаларды колдонуп, адамдарды жамааттык доо-арыздарга катышууга чакырган контент.
  • Алдоо максатында кызматтарыбызда бир нече аккаунттарды колдонуу сыяктуу уюшкан шылуундук иш-аракеттерине катышкан же катышуусун жарыялаган уюмдарды камтыган контент.
Эгер бул эрежелерге туура келген контент айыптоо, билим берүүчүлүк, маалымдуулукту жогорулатуу же жаңылыктарда чагылдыруу максатында жарыяланса, ага уруксат берилет.
Policy Rationale
We aim to protect users and businesses from being deceived out of their money, property, or personal information. To do so, we prohibit content and behavior that employ prohibited commercial practices. This includes false job or government program offers, celebrity and brand bait, investment schemes (including guaranteed returns), debt relief and credit repair schemes, get-rich-quick and giveaway schemes, romance schemes, and charity schemes.
We allow people to raise awareness of, educate others about, and condemn scams and other prohibited commercial practices, provided they do not reveal sensitive information or promote them.
For policies related to Prohibited Documents and Financial Services, see the Restricted Goods and Services Community Standards.
Our enforcement isn’t perfect, and we may not detect all policy violations. To learn more about how to spot deceptive content and what you can do to help protect yourself, visit our Scam Protection Center.
Enforcement
We may take a range of enforcement actions, including but not limited to removing content and ads, reducing distribution, restricting advertising accounts, limiting features, requiring verification, or disabling accounts. These actions may result from our own proactive detection, or be informed by reports from trusted entities and user feedback (described below).
User Feedback
User feedback helps us identify commercial practices that create poor user experiences. We consider signals such as consistent patterns or disproportionate volumes of negative feedback, and we share relevant feedback with advertisers and sellers so they can improve their content and customer satisfaction. Where negative feedback persists despite warnings, we may take the actions above, up to restricting or disabling the responsible accounts or entities. This includes taking enforcement on practices such as:
  • Misleading or unreasonable pricing.
  • Non-delivery: failure to deliver purchased products or services after payment has been made.
  • Product misrepresentation: promoting products or services that materially differ from what was advertised, including significant discrepancies in quality or incorrect items.
  • Unauthorized charges: charging a customer’s payment method without prior authorization or clear disclosure.
  • Violation of return or refund policies: failure to honor stated refund or return policies.
  • Deceptive subscription practices: enrolling customers in recurring payment plans or subscription services without clear disclosure of terms.
  • Links that appear to lead to legitimate commercial sites but instead lead to scam sites.
We do not allow:
Content that uses deceptive tactics to mislead people or businesses for commercial or financial gain, including but not limited to:
Prohibited Loan Content
This includes:
  • Loan offers requiring the user to pay an upfront fee to obtain a loan.
  • Loan offers that guarantee approval without any mention of standard approval criteria, such as financial information from the borrower.
Prohibited Gambling Content
This includes:
  • Offers of real money gambling services (“Real money” is real-world currency that can be used to buy goods or services in the real world, including national currencies such as U.S. Dollars and virtual currencies such as Bitcoin):
    • with a guarantee of winning.
    • implying or admitting to have rigged the outcome of a game or match
    • soliciting people to enable match fixing or looking for help or tips on how to fix a match or game
    • promoting gambling services in deceptive or obfuscated ways (such as unrelated text paired with a gambling promo image/video)
  • Offers that promote services from known deceptive gambling vendors.
Social casino games that simulate gambling with no opportunity to win real money are covered by our Community Standard for Restricted Goods and Services.
Prohibited Investment Content
This includes:
  • Offers of investment opportunities where returns on investment are guaranteed or risk-free.
  • Offers of investment opportunities where returns on investment or compensation is partly or fully based on recruitment of others to participate in the scheme.
  • Offers of investment opportunities claiming or referencing successful past performance or returns to create an expectation of similar future results.
  • Offers of investment opportunities that claim quick returns (such as under 24 hours).
  • Offers to turn a certain sum of money into a larger one through flipping or trick or strategy involving explicit mentions of “cash flip,” "money flip,” or similar terminology.
Prohibited Charity Content
This includes:
  • Fraudulent requests for money or donations for charitable causes.
Prohibited Romance Content
This includes:
  • Fraudulent attempts to establish online romantic relationships by seeking non-sexual companionship or relationship and offering or asking for money or its equivalent in exchange.
Prohibited Brand or Celebrity-Bait Content
This includes:
  • Brand-bait scams, which involve falsely claiming to represent, or speak in the voice of, an established business or entity, together with misleading tactics to bait people into engaging with the content in an attempt to scam or defraud.
  • Celebrity-bait scams, which involve falsely using the name, likeness, or imagery of a public figure, together with misleading tactics to bait people into engaging with the content in an attempt to scam or defraud.
Prohibited Get Rich Quick Content
This includes:
  • Offers of opportunities of unrealistic financial reward for unclear or minimal effort.
Prohibited Tangible, Spiritual or Illuminati Content
This includes:
  • Offers tangible rewards, such as money, goods, or services that have a monetary value including physical, digital and virtual currencies, and physical or digital goods and services for membership in or joining an association, cult, religious sect (for example, the Illuminati brotherhood).
  • Offers tangible rewards for using black magic or spells or magical items (for example, spells, lucky charms, amulets, tokens, potions, magic wallet, etc.).
Prohibited Insurance Content
This includes:
  • Offers of false, heavily discounted insurance with requests for an up-front fee, such as an administration fee or deposit.
  • Offers of false, heavily discounted insurance with promises of significant savings on insurance compared to conventional insurance providers.
Prohibited Job Content
This includes:
  • Offers of jobs containing no information about the employer and job specifications, simply referencing job vacancies.
  • Offers of work from home but the job title implies the employee cannot WFH.
  • Offers of jobs with advance promises of salary.
  • Offers of guaranteed jobs.
  • Offers of jobs with a demand for an advance fee before the job is granted.
Prohibited Debt Relief and Credit Repair Content
This includes:
  • Promises to eliminate or reduce debt by a particular amount in a set period of time.
  • Promises to stop all debt collections or lawsuits.
  • Promises to remove credit information from credit reports or create new "credit identity."
Prohibited Giveaway Content
This includes:
  • False offers of a guaranteed reward of real money or consumer goods (such as electronics, vehicles, or jewelry) without any action required by the user beyond sharing personal or financial information.
  • False offers of money from government grants or programs.
Prohibited Advance Fee Content
This includes:
  • Falsely promises money in exchange for an up-front fee/wire transfer/payment.
Notwithstanding the above, we do not prohibit content that condemns, raises awareness of, or educates others about scams or other prohibited commercial practices, without either revealing sensitive information or promoting them.
In addition to removing accounts that violate our Prohibited Commercial Practices policy, our automated systems consider a range of behavioral signals to help identify and limit unwanted contact and exposure to potential scam activity.
  • We may disable accounts or restrict access to products and features (e.g. the ability to message certain accounts) based on a combination of behaviors such as sending unsolicited messages to people who you do not follow, deliberately misrepresenting your location, or being an admin of communities (e.g. Pages) we have removed for violating our scam policies.
For the following Community Standards, we require additional information and/or context to enforce:
We may remove content that:
  • Involves frauds or scams that have been reported by a trusted entity.
  • Recruits people to participate in class action lawsuits using deceptive tactics, such as impersonating a government entity or news outlet, or using sensationalist or exaggerated claims.
  • Involves entities participating in or claiming to engage in organized fraud or scam behavior, including the use of multiple accounts on our services in concert to perpetrate fraudulent behaviors.
We allow content that is otherwise covered by this policy when posted in condemnation, educational, awareness raising, or news reporting contexts.