Купуялыкты бузуулар

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Кызматтарыбыз колдонуучуларыбыздын купуялыгын жана жеке маалыматын коргоого умтулат. Жеке өздүк маалыматыңызды коргоо үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз жана адамдарга өзүлөрү же башка адамдар тууралуу айрым жеке же купуя маалыматтарды жарыялоого тыюу салабыз. Биз ошондой эле адамдарга алардын ою боюнча купуялыкка болгон укуктарын бузуп жатат деген сүрөттөр тууралуу бир нече жол менен арызданууга мүмкүнчүлүк бердик.
Каржылык жана медициналык мүнөздөгү же жашаган жери тууралуу маалымат жана ошондой эле мыйзамсыз булактардан алынган купуя малымат камтылган маалыматты жарыялоодон улам каржылык же физикалык зыянга алып келе турган өздүктү аныктаган маалыматты же башка купуя маалыматты бөлүшкөн, сунуштаган же талап кылган контентти өчүрөбүз. Купуя маалымат жаңылыктарда, соттук доо берүүлөрдөн, пресс-релиздерди жарыялоодон жана башка булактарда ачыктоодон улам жалпыга жеткиликтүү болушу мүмкүн экенин түшүнөбүз. Андай учурларда, маалыматты жарыялоого уруксат беришибиз мүмкүн.
Акы төлөнүүчү контентке карата кошумча чектөөлөрдү киргизебиз. Товар же кызмат тууралуу маалыматтарга басым жасоо аркылуу колдонуучунун оң тажрыйбаларын сунуштаган жарнамаларга уруксат бергенибиз менен, колдонуучулардын жеке кыйынчылыктарын колдонгон, алар тууралуу терс же так эмес мүнөздөмөлөрдү берген же купуя жеке маалыматы тууралуу билгендигин билдирген жарнамаларды өчүрөбүз. Акы төлөнүүчү контент үчүн купуялык боюнча эрежелер тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн, Купуялык эрежелерин бузуу жана жеке мүнөздөмөлөр боюнча Жарнамаларга карата стандарттарыбызды караңыз.
Төмөнкүлөргө тыюу салабыз:
Кызматтарыбызда же сырткы шилтемелер аркылуу төмөнкү купуя маалыматтардын бирин бөлүшкөн же сураган контент:
Адамдын өздүгүн аныктоочу жеке маалымат (PII)
  • Жарыялоочунун же башкалардын өздүгүн аныктоочу жеке маалыматты (жеке адамдын өздүгүн аныктоочу маалымат) бөлүшкөн контент. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
    • Улуттук идентификациялык номерлер, мисалы, социалдык камсыздоо номерлери (SSN), паспорттун номерлери же салык төлөөчүнүн жеке идентификациялык номери (ITIN).
    • Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын же коопсуздук кызматынын кызматчыларына берилген мамлекеттик үлгүдөгү өздүк күбөлүктөр.
    • Нике тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, атын же жынысын өзгөртүү тууралуу күбөлүктөр сыяктуу жарандык абалды каттоо актылары же алар тууралуу расмий документтер
    • Грин-карталар, жумушка орношуу үчүн уруксат кагаздары же визалар сыяктуу иммиграциялык жана эмгек статусу тууралуу документтер
  • Башкалардын өздүгүн аныктоочу жеке маалыматын сураган контент
Жеке байланыш маалыматы
  • Башкалардын жеке байланыш маалыматтарын жарыялаган контент, бирок маалыматтарды жалпыга ачык кылган же кайрымдуулук боюнча жалпы максаттарды жарнамалоо үчүн жарыяланган же талап кылынган, жоголуп кеткен адамдарды, жаныбарларды же жоголуп кеткен буюмдардын ээлерин табууга көмөктөшкөн же компания же кызмат көрсөтүүчү менен байланышуу үчүн колдонулган учурлардан тышкары (жеке байланыш маалыматы ал адамдын макулдугу жок бөлүшүлгөн деп аныкталмайынча).
Жашаган жери тууралуу маалымат
  • Төмөнкү контексттерден тышкары башкалардын толук жеке жашаган жерлеринин даректерин жарыялаган контент, анын ичинде имараттын аты же даректи аныктаган картадагы чекиттер (чекиттер платформадан тышкары шилтемеде болсо дагы):
    • кайрымдуулук учурларын жарнамалоо, жоголуп кеткен адамдарды, жаныбарларды же жоголуп кеткен буюмдардын ээлерин табууга көмөктөшүү же компания же кызмат көрсөтүүчүлөр менен байланышуу
    • жашаган жер жогорку кызматтагы коомдук кызматкерге берилген расмий үй же элчилик болсо
  • Башкалардын купуя жашаган даректерин жарым-жартылай жарыялаган контент (жашаган жер жогорку кызматтагы коомдук кызматкерге берилген расмий үй же элчилик болгон учурлардан тышкары):
    • Адамдардын жеке турак жай даректери нааразылык акцияларын уюштуруу же жашоочуга көзөмөл жүргүзүү учурунда төмөнкү маалыматтардын аныкталышы аркылуу жарыяланса:
      • Көчө
      • Шаар же аймак (50 000 жашоочудан аз жашоочу жашаган шаарлар үчүн гана)
      • Почта индекси
      • Ушулардын бирин аныктаган GPS координаттар же картадагы координаттар (координаттар платформадан тышкары шилтемеде болсо дагы)
    • Төмөндөгү бардык шарттарга жооп берген менчик турак үйлөрдүн сырттан тартылган сүрөттөрү:
    • Турак үй бир үй-бүлөгө таандык же үйдүн номери/имараттын аты сүрөттө же коштомо жазууда даана көрүнүп турат.
    • Турак үйдүн жайгашкан жери төмөнкүлөрдүн бири менен аныкталат:
      • Көчө
      • Шаар же аймак (50 000 жашоочудан аз жашоочу жашаган шаарлар үчүн гана)
      • Почта индекси
      • Ушулардын бирин аныктаган GPS координаттар же картадагы координаттар (координаттар платформадан тышкары шилтемеде болсо дагы)
    • Мындай контент жашоочулардын өздүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
    • Ошол жашоочу анын менчик турак үйүнүн жалпыга көрсөтүлүшүнө каршы болсо же контекстте жашоочуга каршы нааразычылык акциясы уюштурулушу айтылса.
    • Жашоочуга каршы нааразычылыктарды уюштуруу контекстинде бөлүшүлгөн болбосо, турак үйдүн сүрөттөрү ал жаңылыктарда болгону үчүн жарыяланбайт
  • Башкалардын купуя жашаган даректерин сураган контент (жашаган жер жогорку кызматтагы коомдук кызматкерге берилген расмий үй же элчилик болгон учурлардан тышкары)
  • Жашыруун жайлардын жайгашкан жерин сураган же төмөнкүлөрдүн бирин жарыялоо аркылуу жашыруун жайлар тууралуу маалымат берген контент (жашыруун жай өзүнүн кызматтары тууралуу активдүү түрдө маалымат жайылткан учурлардан тышкары)
    • Учурдагы дареги (Эскертүү: "Почта үкөгү" уруксат берилет.)
    • Жашыруун жайдын сүрөттөрү
    • Жашыруун жай жайгашкан шаар/аймак
    • Жашыруун жайдын жашоочуларынын өздүгүн ачыктаган маалымат
Медициналык маалымат
  • Маалымат медициналык карталардан же башка расмий документтерден экени ачык болгон учурда, башкалардын медициналык, психологиялык, биометриялык же генетикалык/тукум маалыматын бөлүшкөн же сураган (анын ичинде визуалдык түрдө көрсөтүлгөн же аудио же видео аркылуу бөлүшүлгөн) контент.
Каржылык маалымат
  • Адамдын жеке каржысы катары аныкталган жарыялоочу же башкалар тууралуу жеке каржылык маалыматты жарыялаган же сураган контент, анын ичинде:
    • Жалпыга ачык эмес каржылык отчёттор же тизмелер.
    • Коопсуздук же PIN-коддору менен банк эсептеринин номерлери.
    • Кирүү маалыматы, коопсуздук же PIN-коддору менен Интернетте санарип төлөм ыкмалары тууралуу маалымат.
    • Жарамдуулук мөөнөтү же коопсуздук PIN-коддору менен көрсөтүлгөн кредиттик же дебеттик карта тууралуу маалымат.
  • Уюм өзү жарыялаган (анын ичинде түпнуска контексти өзгөрбөгөн кийинки бөлүшүүлөр) же жалпыга ачык отчёт берүү талаптары аркылуу бөлүшүлгөн (мисалы, фондулук биржалар же көзөмөлдөөчү органдар тарабынан талап кылынган) учурлардан тышкары компаниянын же уюмдун каржысы тууралуу маалымат катары аныкталган компаниянын же уюмдун жалпыга ачык эмес каржылык маалыматын жарыялаган же сураган контент, анын ичинде:
    • Жалпыга ачык эмес каржылык отчёттор же тизмелер.
    • Коопсуздук коддору же PIN-коддору көрсөтүлгөн банк эсептеринин номерлери.
    • Кирүү маалыматы, коопсуздук коддору же PIN-коддору көрсөтүлгөн Интернетте төлөө ыкмасы тууралуу маалымат.
Чабуул жасалган булактардан алынган маалымат
  • Жабыр тарткан адам коомдук ишмер же жеке адам экенине карабай, жарыялоочу тарабынан билдирилген же чабуул жасалган булактан келгени ырасталган контент.
Төмөнкү контент дагы өчүрүлүшү мүмкүн:
  • Арыз түшкөн сүрөт же видео, эгерде анда төмөнкү адамдар бар болсо:
    • 13 жашка чыга элек бала жана контент тууралуу арыз жашы жете элек баланын өзүнөн, ата-энесинен же мыйзамдуу камкорчусунан түшкөн болсо.
    • 13 жаштан 18 жашка чейинки жашы жете элек бала жана контент тууралуу арыз анын өзүнөн түшкөн болсо.
    • Чоң адам, эгерде контент тууралуу арыз Америка Кошмо Штаттарынан тышкары жердеги адамдан түшкөн болсо жана колдонуудагы мыйзам контентти өчүрүүгө укук берсе.
    • Контент тууралуу арыздана албаган же жөндөмсүз бардык адамдар.
Төмөнкү Коомдоштук стандарттарын ишке ашыруу үчүн биз кошумча маалымат жана/же контекст талап кылабыз:
  • Адамды медициналык же ден соолукту чыңдоочу мекемеде же жеке адамдын же эрезеге жете элек баланын медициналык же ден соолукту чыңдоочу мекемеге кирип же чыгып баратканын көрсөткөн контент катары аныкталган жана төмөнкүлөр тарабынан арыз тапшырылган жеке адамдардын жана медициналык мекемелердин сүрөттөрү:
    • Сүрөттөгү адамдан
    • Сүрөттөгү адамдын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн
    • Сүрөттөгү адамга кам көрүүгө жоопкерчиликтүү медициналык же ден соолукту чыңдоочу мекемеден, же
    • Сүрөттөгү адам иштеген медициналык же ден соолукту чыңдоочу мекемеден
  • Чет элдик өкмөттүн бүлүндүрүүчү операциясынын алкагында бөлүшүлгөн шайлоого тиешелүү жалпыга ачык эмес маалыматты ачыкка чыгарууга багытталган булак материалы.
    • Мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынган массалык маалымат каражаттары кылган мындай маалыматтын чыгып кетүүсү тууралуу репортажды ал маалымат чыгып кеткен өлкөдө өчүрөбүз.
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Купуялыкты бузуулар боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз