Туура эмес маалымат

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Туура эмес маалымат Коомдоштук стандарттарыбызда каралган билдирүүлөрдүн башка түрлөрүнөн айырмаланып турат, анткени тыюу салынуучу нерселерди толугу менен тизмелеп чыгуу мүмкүн эмес. Мисалы, зордук-зомбулук учурлары чагылдырылган сүрөттөр же жектөөчү жүрүм-турум тууралуу саясаттарыбызда тыюу салынган сөздөр көрсөтүлгөн жана алар менен макул эмес адамдар дагы аларды аткаруулары керек. Бирок, туура эмес маалымат менен андай кыла албайбыз. Дүйнө дайыма өзгөрүп турат жана алгач чын көрүнгөн нерсе кийинки мүнөттө калп болуп калышы ыктымал. Адамдар дагы айланасындагы дүйнө тууралуу маалыматты ар кандай деңгээлде кабыл алышат жана чындыкка дал келбеген нерселерге ишенип алышы мүмкүн. "Туура эмес маалыматка" жөн гана тыюу салган саясат биздин кызматтарыбызды колдонгон адамдарга пайдалуу билдирмелерди бере албайт жана аны аткаруу мүмкүн болбойт, анткени биздин маалыматка толук кирүү мүмкүнчүлүгүбүз жок.
Анын ордуна, саясаттарыбызда туура эмес маалыматтын ар кандай категориялары берилген жана андай билдирүүлөрдү көргөндө кандай чара көрөрүбүз тууралуу так көрсөтмөлөрдү берүүгө аракет кылабыз. Ар бир категорияга карата, өз ыкмабызда өз оюн билдирүү, коопсуздук, ар намыс, аныктык жана купуялык баалуулуктарыбызды теңдөөгө болгон аракетибиз чагылдырылган.
Эгерде туура эмес маалымат физикалык же материалдык зыянга түз түрткү бере турганы шексиз болсо, аны өчүрөбүз. Ошондой эле, саясий процесстердин иштешине түз кийлигишүүгө түрткү бере турган контентти өчүрөбүз. Бул категорияларда туура эмес маалыматты эмнелер түзөрүн аныктоодо контенттин ишенимдүүлүгүн баалап, ал зыянга алып келүүгө түз түрткү берерин же бербесин аныктоо үчүн жетиштүү билими жана тажрыйбасы бар көз карандысыз эксперттер менен кызматташабыз. Бул, мисалы, жарандык согуш тууралуу аңыздардын чындыгын аныктоо үчүн өлкөдөгү укук коргоо уюмдары менен кызматташууну камтыйт.
Башка бардык туура эмес маалыматтар боюнча, алардын жайылышын азайтууга же натыйжалуу диалогду бекемдеген чөйрөнү түзүүгө көңүл бурабыз. Адамдар туура эмес маалыматты көбүнчөсү зыянсыз эле, мисалы, апыртуу үчүн ("Бул команда спорт тарыхында эң начар жыйынтык көрсөткөн команда болду!") же тамаша же шакаба максатында ("Менин күйөөм азыр эле жылдын эң мыкты күйөөсү наамын алды.") колдонушарын билебиз. Алар ошондой эле өз тажрыйбасын бөлүшкөндө, так эмес маалыматтарды айтып алуулары мүмкүн. Айрым учурларда, адамдар башкалар жалган деп эсептеген терең орноп калган жеке ойлору менен бөлүшүп же башкаларга толук эмес же адаштыруучу болгон, бирок өзүлөрү чын деп эсептеген маалыматты бөлүшүшү мүмкүн.
Мындай сөздөр канчалык көп кездешерин билүү менен, колдонуучуларга потенциалдуу адаштыруучу же оңтойсуздандыруучу контент болгон учурларда пайдалуу маалымат берүүгө басым жасайбыз. Ал аракеттердин алкагында, платформаларыбыздагы эң көп тарап жаткан контенттин тактыгын текшерип, баалоо үчүн, биз Америка Кошмо Штаттарынан тышкары, дүйнөнүн көп жерлериндеги үчүнчү тараптын факт текшерүүчү уюмдары менен кызматташабыз (Америка Кошмо Штаттарындагы мамилебиз боюнча бул жерден жана бул жерден караңыз). Америка Кошмо Штаттарынан баштап, "Коомдоштуктун эскертмелери" программасы адамдарга Facebook, Instagram жана Threads'теги адаштыруучу же оңтойсуздандыруучу мааниге ээ болушу мүмкүн болгон постторго көбүрөөк контекст кошууга мүмкүнчүлүк берет бул жерди караңыз). Ошондой эле, адамдар эмнелерди окуп, эмнелерге ишенип жана өзүлөрү эмнелерди бөлүшүүнү чече алышы үчүн медиа жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуучу булактарды дагы сунуштайбыз. Адамдар санариптик жол менен түзүлгөн же өзгөртүлгөн фотореалисттик видео же реалдуу угулган аудио камтылган органикалык контент жарыялаганда, алардан контентти биздин жасалма интеллектке негизделген ачыктоо куралыбыздын жардамы менен ачыктоосун талап кылабыз жана эгерде алар ал талапты аткарбаса, айыптарды салышыбыз мүмкүн. Ошондой эле, коомдук маанидеги маселе боюнча адамдарды адаштыруу тобокели жогору болгон айрым санариптик ыкмалар менен түзүлгөн же өзгөртүлгөн контентке дагы белги кошушубуз мүмкүн.
Акырында, башка тармактардагы туура эмес маалыматтын жайылышы менен байланышкан контентке жана аракеттерге тыюу салабыз. Мисалы, Коомдоштук стандарттарыбызда фейк аккаунттарга, алдамчылыкка жана байланышкан күмөндүү аракетке тыюу салынган.
Онлайн жана офлайн чөйрөлөр өзгөрүп, өнүгүп жатканына жараша, бул саясаттарды жакшыртууну улантабыз. Төмөндө көрсөтүлгөн туура эмес маалыматты кайра-кайра бөлүшкөн аккаунттар, контентине карата ушул саясатка ылайык чара көрүлгөндөн тышкары, азыраак көрсөтүлүп, жарнама жарыялоо мүмкүнчүлүгү чектелип же платформаларыбыздан өчүрүлүшү мүмкүн. Meta контентти өчүргөндө эмне болору тууралуу кошумча маалыматты бул жерден тапса болот.
Эрежелер
Биз өчүрө турган туура эмес маалымат:
Төмөнкүдөй туура эмес маалыматтарды өчүрөбүз:
I. Физикалык зыян же зордук-зомбулук
Өнөктөш адистердин ою боюнча адамдардын зордук-зомбулукка дуушар болушуна же физикалык зыянга учурашына түздөн-түз таасир кыла турган туура эмес маалыматты же такталбаган ушактарды өчүрөбүз. Туура эмес маалыматты ишеничтүү үчүнчү тарап жалган деп тапкан контент катары аныктайбыз. Такталбаган ушакты өнөктөш адистердин ою боюнча булагын көзөмөлдөөгө өтө оор же мүмкүн эмес, ишеничтүү булагы жок, билдирүүнүн бетин ачууга жетиштүү так дайындар жок же айтылган нерсеге ишенгидей чындыкка окшобогон же иррационалдуу ой катары аныктайбыз.
Айрым учурларда, зыянсыз көрүнгөн туура эмес маалымат белгилүү бир контексттерде чыныгы жашоодогу коркунучтарга, анын ичинде, өлүмгө, олуттуу жаракат алууга же башка физикалык зыянга түрткү бере турган зордук-зомбулук коркунучтарына кептеши мүмкүн. Бул көйгөйлөр тууралуу жеринде эксперттик тажрыйбаларга ээ эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ), коммерциялык эмес уюмдардын, гуманитардык уюмдардын жана эл аралык уюмдардын дүйнөлүк тармагы менен кызматташабыз.
Коомдук зордук-зомбулук тобокелдиги жогору болгон өлкөлөрдө, кандай жалган билдирүүлөр түздөн-түз физикалык же материалдык зыянга алып келиши мүмкүн экендигин билүү үчүн, жергиликтүү өнөктөштөрүбүз менен активдүү түрдө кызматташабыз. Андан кийин, андай билдирүүлөрдү кылып жаткан контентти платформаларыбыздан аныктап, өчүрүү боюнча иш алып барабыз. Мисалы, жергиликтүү эксперттер менен кеңешип, зордук-зомбулукту, зомбулуктун курмандыктарын же кылмышкерлерин, курал-жарактарды же аскер техникасын чагылдырган деп билдирген контексттен тышкаркы медиа файлдарды өчүрүшүбүз мүмкүн.
II. Ден-соолук тууралуу зыяндуу туура эмес маалымат
Коомчулуктун саламаттыгына жана коопсуздугуна шексиз зыян алып келүүгө түздөн-түз түрткү бере турган ден-соолук тууралуу туура эмес маалыматтарды аныктоо үчүн, алдыңкы саламаттыкты сактоо уюмдары менен кеңешебиз. Биз өчүрө турган ден-соолук тууралуу туура эмес маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Вакциналар тууралуу туура эмес маалымат. Эгерде саламаттыкты сактоо органдары маалымат жалган жана вакцина алуудан баш тартууга шексиз түрдө түрткү берет деген жыйынтык чыгарса, биринчи кезекте вакциналар тууралуу туура эмес маалыматты өчүрөбүз. Алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
    • Вакциналар аутизмге алып келет деген билдирүүлөр (мисалы, "Эмдөөлөрдүн көптүгүнөн учурда көп балдар аутизм менен жабыркап жатышат.")
    • Вакциналар ымыркайлардын күтүүсүз чарчап калуу синдромуна алып келет деген билдирүүлөр (мисалы, "Вакциналар ымыркайлардын күтүүсүз чарчап калуу синдромуна алып келерин билчү эмес белеңиз?"
    • Вакциналар алар каршы багытталган ооруларды жаратат же вакцина алып жаткан адамдын ошол оору менен ооруп калышына алып келет деген билдирүүлөр (мисалы, "Вакцинаны алгандан кийин ооруп калуу коркунучу жогорураак, анткени анын ичинде оорунун штаммы бар. Абайлаңыз!"
    • Вакциналар же алардын курамындагы заттар өлүмгө алып келиши мүмкүн, алар зыяндуу, уулуу же коркунучтуу деген билдирүүлөр (мисалы, "Албетте,эгерде денеңизде уунун болушуна каршы болбосоңуз, анда вакцина ала берсеңиз болот".)
    • Табигый иммунитет вакцина аркылуу алынган иммунитетке караганда жакшыраак деген билдирүүлөр (мисалы, "Эмдөөдөн өткөнгө караганда ооруп айыгуу коопсузураак.")
    • Медициналык сунуштарга туура келсе дагы, кыска убакыттын ичинде бир нече вакцина алуу кооптуу деген билдирүүлөр (мисалы, "Доктурлар эмне дешсе дагы, эч качан бир учурда бирден ашык вакцина албаңыз, анткени ал абдан кооптуу!")
    • Вакциналар алар сактоого арналган оорулардын алдын алууда натыйжалуу эмес деген билдирүүлөр. Бирок, COVID-19, сасык тумоо жана безгек үчүн вакциналар тууралуу алар ошол вирустарды жуктуруп алуунун алдын алууда натыйжалуу эмес деген билдирүүлөрдү өчүрбөйбүз. (Мисалы: Өчүрөбүз – "Полиомиелитке каршы вакцина ал менен ооруп калуунун алдын албайт"; Өчүрөбүз – "Вакциналар ооруну жуктуруп алуунун алдын албайт"; Уруксат беребиз – "Вакцина COVID-19 жуктуруп алуунун алдын албайт, ошондуктан башка адамдардын жанында социалдык аралыкты сактап, беткап тагыныңыз.")
    • Кызамык өлүмгө алып келбейт деген билдирүүлөр (кошумча маалымат жана/же контекст талап кылынат) (Мисалы, Кызамык менен ооруп калуудан коркпоңуз, ал өлүмгө дуушар кылбайт.")
    • С витамини оорулардын вакциналардай эле натыйжалуу алдын алат деген билдирүүлөр
  • Коомдук саламаттык менен байланышкан өзгөчө кырдаалдар учурунда ден-соолук тууралуу туура эмес маалымат. Коомдук саламаттыкка байланышкан өзгөчө кырдаалдар учурунда коомдук саламаттыкты сактоо мекемелер маалымат жалган жана шексиз түрдө физикалык зыянга алып келүүгө түздөн-түз түрткү болушу мүмкүн болгон, анын ичинде адамдардын кооптуу ооруну жуктуруп алуусун же жайылтуусун же вакцина алуудан баш тартууга түрткү берет деген жыйынтык чыгарган туура эмес маалыматты өчүрөбүз. Коомдук саламаттык менен байланышкан өзгөчө кырдаалдарды аныктоо үчүн дүйнөлүк жана жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелери менен кызматташабыз.
  • Ден-соолук менен байланышкан маселелерди айыктыруунун "сыйкырдуу", бирок зыяндуу ыкмаларын жарнамалоо же колдоо . Буларга саламаттыкты сактоо контекстинде сунушталган колдонуу олуттуу жаракат алып калууга же өлүмгө түздөн-түз дуушар кыла турган дарылоо ыкмалары кирет жана андай дарылоонун мыйзамдуу медициналык колдонуусу жок (мисалы, агартуучу каражат, дезинфекциялоочу каражат, кара май, каустикалык сода).
III. Шайлоо же эл каттоо процессине кийлигишүү
Шайлоонун жана эл каттоонун тазалыгына түрткү берүү үчүн, бул процесстерге адамдардын катышуу мүмкүнчүлүгүнө кийлигишүү тобокелдигине түздөн-түз себеп болгон туура эмес маалыматты өчүрөбүз. Буларга төмөнкүлөр кирет:
  • Шайлоонун күндөрү, жайгашкан жерлери, убактылары жана шайлоо ыкмалары, шайлоочуларды каттоо же эл каттоого катышуу тууралуу туура эмес маалымат.
  • Ким добуш бере аларын, добуш берүү талаптарын, добуштар саналабы же жокпу жана добуш берүү үчүн кандай маалымат жана/же материалдар берилиши керектиги боюнча туура эмес маалымат.
  • Талапкердин шайлоого катышуусу тууралуу туура эмес маалымат.
  • Эл каттоого кимдер катыша алары жана катышуу үчүн кандай маалымат же материалдар берилиши керек тууралуу туура эмес маалымат.
  • Эл каттого өкмөттүн катышуусу тууралуу туура эмес маалымат, анын ичинде, колдонулган учурларда, адамдардын маалыматтары башка мамлекеттик мекемеге (эл каттоо менен байланышы жок) берилери тууралуу туура эмес маалымат.
  • Добуш өткөрүлүүчү жерлерде АКШнын иммиграциялык жана бажы полициясынын (ICE) өкүлдөрү болот деген жалган же ырасталбаган билдирүүлөр.
  • Эгерде адамдар добуш берүүгө катышса, алар COVID-19 вирусун (же башка жугуштуу ооруну) жугузуп алышат деген ачык туура эмес билдирүүлөр.
  • Шайлоо органы тарабынан ырасталган катары АКШдагы добуш берүү участогунда учурда добуш берүүгө тоскоол жараткан шарттар тууралуу жалган билдирүүлөр.
Зордук-зомбулукка чакырууларга, шайлоолорго мыйзамсыз катышууга жана аларга координацияланган кийлигишүүлөргө чакырууларга байланышкан кошумча эрежелерибиз Коомдоштук стандарттарыбыздын башка бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
Төмөнкү контент үчүн маалымат белгисин кошобуз:
Түзөтүлгөн медиа файлдар
Медиа файлдар ар кандай ыкмалар менен түзөтүлөт. Көп учурларда, бул өзгөрүүлөр зыяндуу эмес, мисалы, көркөм эффект үчүн кесилген же кыскартылган же музыка кошулган контент. Башка учурларда, түзөтүү ачык-айкын көрүнбөйт жана адаштырууга алып келиши мүмкүн.
  • Адаштыра турган санариптик же өзгөртүлгөн контент. Эгерде контент Коомдоштук стандарттарын бузбаса, бирок ал санариптик ыкмалар менен түзүлүп же өзгөртүлгөн фотореалисттик сүрөт же видео же чыныгыдай угулган аудио болуп, алар элдерди коомдук маанидеги маселелерде олуттуу түрдө алдоо коркунучун туудурса, андай контенттин бетине маалымат белгисин коюп же жарнама катары тапшырылган контентти четке кагышыбыз мүмкүн.
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Туура эмес маалымат боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз