Эстелик аккаунт кылуу

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Бир адамдын көзү өтүп кеткенден кийин, анын достору жана үй-бүлө мүчөлөрү анын аккаунтун эстелик аккаунт кылууга сурам жөнөтө алышат. Аккаунт эстелик статусун алгандан кийин, адамдын профилиндеги атынын үстүндө "Жаркын элес" деген сөз пайда болот, андыктан аккаунт эстелик жерге айланат. Аккаунттарга эстелик статусун орнотуу жакын адамдарды эскерип туруу үчүн чөйрө түзүүгө жардам берет жана уруксаты жок кирүүлөрдөн жана митаамдык иш-аракеттерден коргойт. Кандайдыр бир адам жашоосунда жасаган тандоолорун урматтоо үчүн, ал өтүп кеткенден кийин биз анын аккаунтун өзгөрүүсүз сактап калуу максатын коёбуз.
Ошондой эле, Facebook'та адамдар көзү өтүп кеткенден кийин алардын аккаунтуна кам көрүү үчүн мураскор байланышын аныктоого мүмкүнчүлүк бердик. Жоготууга учураган жакындарына колдоо көрсөтүү үчүн кээ бир учурларда, мураскор байланышы же үй-бүлө мүчөсү өтүнсө, белгилүү бир контентти өчүрүп же өзгөртө алабыз.
Көзү өтүп кеткен колдонуучуга таандык Facebook же Instagram аккаунтун эстелик аккаунт кылуу сурамдарын реквизиттик маалымат берүү менен төмөнкү адамдар жөнөтө алышат:
  • Facebook'тагы достору
  • Instagram'дагы достору
  • Үй-бүлө мүчөлөрү (тиешелүү документтер менен)
Киши өлтүрүү жана өз жанын кыюу курмандыктары боюнча, эгерде ал маркумдун профиль сүрөтүндө, мукаба сүрөтүндө же акыркы убакыт түрмөгүндөгү постторунда пайда болсо, маркумдун үй-бүлө мүчөсүнөн өтүнүч алсак, Facebook менен Instagram'дагы төмөнкү контентти өчүрөбүз: Ошондой эле, Facebook'тагы мураскор байланышы тарабынан өтүнүч алсак, андай контентти Facebook'та дагы өчүрөбүз:
  • Маркумдун өлүмүнө байланыштуу контент
  • Маркумдун өлүмүн, оорусун же ага келтирилген зыяды мактоо же колдоо
  • Маркумдун өлүмүндө колдонулган буюмдун визуалдык сүрөтү.
  • Маркумдун өлүмү үчүн соттолгон же шектүү адамдын сүрөтү.
  • Маркумдун өлүмү үчүн соттолгон же шектүү адамдын үй-бүлөлүк абалы же достук статусу
Төмөнкү Коомдоштук стандарттары үчүн, маркумдун ыйгарым укуктуу өкүлү же мураскор байланышы (Facebook'та гана) тарабынан сурам түшкөндө, төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, кошумча маалымат жана/же контекст талап кылабыз:
  • Эстелик профилиндеги эреже бузган пикирлерди алып салабыз, алар керексиз экенин билишибиз үчүн, адатта адам өзү арыз жибериши талап кылынат.
  • Профилинде зыяндуу контент болсо, маркумдун купуялык жөндөөлөрүн жалпыга ачыктан достору үчүн гана кылып өзгөртүү
  • Ысымдын аныктыгы боюнча саясатыбызга ылайык Коомдоштук стандарттарын бузса, профилдеги ысымды өзгөртүү
  • Маркум каза болгондон кийин өчүрүлгөн досторду же жазылуучуларды профилге кошуу
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Эстелик аккаунт кылуу боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз