Үчүнчү тараптардын интеллектуалдык менчикке болгон укуктарын бузуу

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Meta интеллектуалдык менчикке болгон укуктарга олуттуу мамиле кылат жана коомдоштуктун ишенимине түзүлгөн тармакта жеке ойду билдирүүнү, креативдүүлүктү жана инновацияны илгерилетүү менен бирге, бул укуктарды коргоого умтулат.
Ушул себептен, башка бирөөнүн интеллектуалдык менчикке болгон укуктарын, анын ичинде автордук укугун, товардык белгиге болгон укугун же башка мыйзамдуу укуктарын бузган контентти жарыялоого саясатыбыз боюнча тыюу салынат. Биз алган интеллектуалдык менчик тууралуу отчёттору жөнүндөгү маалыматты Интеллектуалдык менчик боюнча тунуктук отчётунда жарыялайбыз.
Интеллектуалдык менчикке болгон укуктарыңызды бузушу мүмкүн деп эсептелген контент тууралуу арыз тапшыруу үчүн, Интеллектуалдык менчик боюнча Колдоо борборуна, Бизнести коргоо баракчасына баш багыңыз же Бренддик укуктарды коргоо куралына кирүүгө уруксат алууга аракет кылыңыз.
Автордук укуктун ээсинен же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн арыз түшсө, биз төмөнкүлөргө байланыштуу контентти алып салабыз же чектейбиз:
  • Автордук укукту бузуу.
  • Товардык белгиге болгон укукту бузуу.
  • Жасалма товарларды сатуу же жарнамалоо
  • Бренд(-дер) менен жалган байланыш
  • Интеллектуалдык менчикке болгон укуктарды же башка жеке менчикке болгон укуктарды башка түрдө бузуу
Төмөнкүдөй контентти дагы өчүрөбүз:
  • Контент жасалма же бренддик товарларды сатып же жарнамалап жатат деп билдирген белгилерди камтыса
  • Шектүү жасалма товарларды сатууга же жарнамалоого арналган вебсайттарга платформадан тышкары шилтемелерди камтыса
  • Автордук укуктун ээси тарабынан мурда жасалма катары арыз түшкөн контентке абдан окшош шектүү жасалма товарларды сатса же жарнамаласа
  • Автордук укуктарды бузуу аракеттерин жайылтат, жарнамалайт же ага көмөктөшөт деп шектелген контент
Төмөнкүдөй аккаунттарды өчүрөбүз:
  • Бул саясатты кайра-кайра бузса.
Автордук укуктун ээси тарабынан уруксат берилген жана белгиленген туура колдонуу боюнча принциптерди аткарган контентке уруксат беребиз
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Үчүнчү тараптын интеллектуалдык менчикке болгон укугун бузуу боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз