Алдамчылык, шылуундук жана алдоо ыкмалары
Саясат тууралуу кененирээк
ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Бүгүн
2025-ж., 7-июн.
2024-ж., 3-окт.
2024-ж., 19-июл.
2023-ж., 5-авг.
2022-ж., 29-апр.
2021-ж., 24-дек.
2021-ж., 25-ноя.
2021-ж., 29-окт.
2021-ж., 27-авг.
2020-ж., 5-май
2020-ж., 18-дек.
2020-ж., 19-ноя.
2019-ж., 17-дек.
2019-ж., 4-сен.
Саясаттын жүйөсү
Колдонуучуларды жана компанияларды акчасын, мүлкүн же жеке маалыматын алдатып жиберүүсүнөн коргоого умтулабыз. Аны атайын бурмалоо, уурдалган маалымат жана апыртылган билдирүүлөр сыяктуу колдонуучуларды жана компанияларды алдоо же аракеттешүүнү жогорулатуу үчүн атайын алдоочу каражаттарды колдонгон контентти өчүрүү жана жүрүм-турум менен күрөшүү аркылуу ишке ашырабыз. Бул биздин кызматтарды колдонуу менен андай иш-аракеттерди координациялап же илгерилетүүгө багытталган контентти камтыйт. Адамдарга андай иш-аракеттер жөнүндө башкаларга маалымат берип, билдирүүгө жана андай иш-аракеттерди айыптоого уруксат беребиз.
Төмөнкүлөргө тыюу салабыз:
Төмөнкү жолдор менен колдонуучуларды жана/же компанияларды алдоого же алдамчылык жол менен каражаттарын тартып алууга аракет кылган контент:
Насыялар менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук
Төмөнкү маанидеги контент:
- Насыяларды сунуштап, аны алуу үчүн колдонуучудан алдын ала төлөм талап кылуу.
- Ачык түрдө көрсөтүлгөн же контексттин негизинде түшүнүүгө боло турган ырастоого кепилдик же дээрлик кепилдик берүү менен насыяларды сунуштоо (мисалы, насыяларды каржылык маалыматын сурабай туруп ырастаган билдирүүлөр).
- Эскертүү: Биз кайсы бир объект мыйзамдуу, алдабаган контентти жарыялап жаткандыгын аныктоо үчүн башка сигналдарды дагы издейбиз, мисалы, эгерде ал ырасталган объект жана банк же каржылык институт болсо.
Кумар оюндарына байланышкан алдамчылык жана шылуундук
Төмөнкү маанидеги контент:
- Төмөнкүлөр камтылган чыныгы акча убада кылынган кумар оюндары боюнча кызматтарын сунуштоо ("Чыныгы акча" – бул чыныгы жашоодо товарларды сатып алууга же кызматтар үчүн төлөөгө колдонууга боло турган чыныгы валюта, анын ичинде АКШ доллары сыяктуу улуттук валюталар жана Биткоин сыяктуу виртуалдык валюталар):
- утууга кепилдик берүү.
- оюндун же матчтын жыйынтыгын бурмалаганын кыйыр түрдө билдирүү же моюнга алуу.
- адамдарды матчты атайылап бурмалоого чакыруу же матчты же оюнду атайылап бурмалоо үчүн жардам же кеңеш суроо.
Чыныгы акча утуп алуу мүмкүнчүлүгү жок кумар оюндарын туураган социалдык казино оюндары Чектелген товарлар жана кызматтар боюнча Коомдоштук стандарттарында камтылган.
Инвестиция же каржылык маалымат менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук
- Инвестиция мүмкүнчүлүктөрү. Төмөнкү маанидеги контент:
- Инвестициянын акталышына кепилдик берилген же тобокелдер жок инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо.
- Инвестициянын кайтарылышы же компенсация толук же жарым-жартылай түрдө башкаларды каржылоо схемасына катышууга тартууга негизделген инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо.
- Инвестициядан "тез арада байып кетүүнү" жана/же аз суммадагы акчаны чоң суммага айлантууну убадалаган инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо.
- Акча/накталай акча көбөйтүү. Төмөнкү маанидеги контент:
- "Накталай акчаны тез көбөйтүү", "тез баюу" же ошол сыяктуу терминдерди ачык колдонуп, белгилүү бир суммадагы акчаны тез айлантуу же кандайдыр амалды же страгенияны колдонуу жолу менен чоң акчага айлантууну сунуштоо.
Акчанын изин жашыруу менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук
- Акчанын изин жашыруу. Төмөнкү маанидеги контент:
- Акчалардын изин жашырууга катышуу сунушу же суранычы (башкаларга өзүнүн банк эсептерин колдонууга же башкалардын атынан акча которууга уруксат бергендиги үчүн акча же түшкөн пайданын бир бөлүгүн сунуштоо аркылуу жабырлануучуларды акчанын изин жашырууга билбестик менен катышууга түртүү);
- Жабырлануучунун банк эсебин колдонуп, үчүнчү тараптардан акча алуу же акча которуу жумушун сунуштоо аркылуу акчанын изин жашырууну сунуштоо же суроо.
- Акчанын изин жашыруу. Төмөнкү маанидеги контент:
- Мыйзамсыз алынган акчаны анын келип чыгышын каржылык транзакциялардын татаал ырааттуулугу, анын ичинде төмөнкү каражаттардын бири аркылуу жашыруу менен мыйзамдуу кылып көрсөтүү аракети болуп эсептелген акчанын изин жашырууну суроо, сурануу же сунуштоо:
- SWIFT (Бүткүл дүйнөлүк банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коому) же ушул сыяктуу ыкмалар аркылуу акча каражаттарын которууга аракет кылуу,
- Накталай акчаны алуу же которуу үчүн жарактуу банк эсептери тууралуу маалымат алууга аракет кылуу же сунуштоо.
Анык эмес өздүк маалыматка байланышкан алдамчылык жана шылуундук
Төмөнкү маанидеги контент:
- Жарыялоочунун өздүк маалыматын же сурамдын мүнөзүн туура эмес көрсөтүү аркылуу колдонуучуларды алдоо аракеттери:
- Кайрымдуулук шашылыш экендиги тууралуу билдирүүлөр жана акча которуу үчүн банк эсептери сыяктуу маалымат камтылган кайрымдуулук максаттары үчүн акча же кайрымдуулук кылууну сураган жалган сурамдар болуп саналган кайрымдуулук менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук.
- Сексуалдык эмес достук же мамиле курууга аракет кылуу жана ордуна акча же анын эквивалентин суроо же сунуштоо аркылуу интернетте романтикалык мамилелерди куруу боюнча алдамчылык аракеттери болуп эсептелген романтикалык алдамчылык жана шылуундук.
- Алдоо максатында белгиленген компанияны же уюмду көрсөтүү же алардын атынан сүйлөө тууралуу жалган билдирүүлөрдү камтыган белгиленген компанияга/уюмга байланышкан алдамчылык жана шылуундук.
Товар же сыйлык менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук
- Мамлекеттик гранттар менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Мамлекеттик гранттардын же башка мамлекеттик каржылоо булактарынын атынан жасалган шылуунчулук. Субъект тарабынан жайгаштырылган контент мыйзамдуу жана алдабай жатканын аныктоого жардам берген ар кандай сигналдарды текшерип чыгабыз, мисалы, субъект ырасталган юридикалык жак экендигин текшеребиз.
- Материалдык, руханий мүлктөр же иллюминаттар менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Кайсы бир бирикмеге, культка, диний сектага (мисалы, Иллюминат боордоштугу) мүчө болуу же кошулуу үчүн акча, товарлар же акчалай баалуулугу бар кызматтар, анын ичинде физикалык, санариптик же виртуалдык валюталар жана физикалык же санариптик товарлар жана кызматтар сыяктуу материалдык сыйлыктарды сунуштоо.
- Кара дуба же сыйкыр же сыйкырдуу буюмдарды (мисалы, сыйкырлар, тумарлар, амулеттер, ырымдар, дары-дармектер, сыйкырдуу капчыктар ж.б.) колдонуу үчүн материалдык сыйлыктарды сунуштоо.
- Камсыздандыруу менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Аванстык төлөм (мисалы, администратордук комиссия же депозит же башка) талап кылуу менен бир топ арзандатылган жасалма камсыздандырууну сунуштоо.
- Кадимки камсыздандыруу компанияларына салыштырмалуу камсыздандыруудан чоң сумманы үнөмдөө (жок дегенде 30% азыраак) убадалары менен бир топ арзандатылган жасалма камсыздандырууну сунуштоо.
- Эскертүү: Субъект тарабынан жайгаштырылган контент мыйзамдуу жана алдабай жатканын аныктоого жардам берген ар кандай сигналдарды текшерип чыгабыз, мисалы, субъект ырасталган юридикалык жак жана банк же каржылык институт экенин текшеребиз.
- Жумуш менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Аз убакыттын ичинде дээрлик эч кандай аракет кылбай эле акча табууну убада кылуу аркылуу, жумушту так эмес сүрөттөө жана тез аранын ичинде байып кетүү мүмкүнчүлүктөрү менен жумуштарды сунуштоо.
- Жөн гана бош орундарга шилтеме берүү менен, маалымат камтылбаган жумуштарды сунуштоо.
- Үйдөн иштөө сунушун камтыйт, бирок жумуштун аталышы жумушту алыстан аткарууга болбой турганын билдирет;
- Айлык акыны алдын ала берүү убадалары менен жумуштарды сунуштоо.
- Кепилдик берилген жумуштарды сунуштоо.
- Жумуш берилгенге чейин аванстык төлөмдү талап кылган жумуштарды сунуштоо.
- Эскертүү: Субъект тарабынан жайгаштырылган контент мыйзамдуу жана алдабай жатканын аныктоого жардам берген ар кандай сигналдарды текшерип чыгабыз, мисалы, субъект ырасталган юридикалык жак экенин текшеребиз.
- Карызды жоюу жана кредиттик рейтингди калыбына келтирүү менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Белгиленген мөөнөттүн ичинде белгилүү бир суммадагы карызды жок кылууну, жоюуну же азайтууну убада кылуу.
- Бардык карызды өндүрүү же соттук териштирүү боюнча аракеттерди токтотууну же жок кылууну убада кылуу.
- "Өкмөттүн жаңы программасы" же мыйзамдагы өзгөрүү же ага окшош башка билдирүү аркылуу карызды кечүүнү же жокко чыгарууну убада кылуу.
- Кредиттик отчёттордон кредиттик маалыматты өчүрүүнү же алып салууну же кредит боюнча жаңы өздүк маалымат түзүүнү убада кылуу.
- Эскертүү: Биз кайсы бир объект мыйзамдуу, алдабаган контентти жарыялап жаткандыгын аныктоо үчүн башка сигналдарды дагы издейбиз, мисалы, ырасталган объект, банк же каржылык институт болсо
- Белек таркатуу менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Колдонуучуларга төмөнкүлөрдү кылгандыгы үчүн кепилдик берип сыйлык же чыныгы акча сунуштоо:
- Тышкы шилтеме аркылуу катталуу.
- Адамдын өздүгүн аныктоочу жеке маалыматты (PII) же башка жеке маалыматты бөлүшүү.
- Платформадан тышкары же платформада жеке кат аркылуу байланышуу.
- Эч кандай чара көрбөө.
- Алдын ала төлөнүүчү төлөмдөр менен байланышкан алдамчылык жана шылуунчулук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Аванстык төлөм/банк которуму/төлөмү үчүн калп эле акча убада кылуу.
Жасалма документтер менен байланышкан алдамчылык жана шылуунчулук
- Жасалма документтер. Төмөнкү маанидеги контент:
- Жасалма документтерди талап кылууну, жасоону, сатууну, сатып алууну же алмаштырууну сунуштоо.
- Визаларды же гринкарталарды сатууну сунуштоо.
- Визаларды же гринкарталарды ырастоого кепилдик берүү.
- Колдонуучуларга тиешелүү талаптарды аткарбастан виза алууга уруксат алууга мүмкүнчүлүк берүү.
- Жасалма валюталар. Төмөнкү маанидеги контент:
- Эгерде стол оюндарынын максатында экендиги контекстте так көрсөтүлсө, стол оюндарынын валюталарынан тышкары (мисалы, "Монополиянын" акчасы), жасалма валюталарды сатууну, сатып алууну же алмаштырууну сунуштоо.
- Жасалма ваучерлер. Төмөнкү маанидеги контент:
- Жасалма ваучерлерди бөлүшүүнү, сатууну, сатып алууну же алмаштырууну сунуштоо.
- Төмөнкү жолдордун бири аркылуу демейки эмес бааларга жетүү үчүн физикалык же санариптик купондорду же ваучерлерди колдонууга уруксат берүү, жарнамалоо же талап кылуу:
- купондорду же ваучерлерди алар арналбаган нерселерди сатып алууга колдонуу; же
- мөөнөтү бүткөн купондорду же ваучерлерди колдонуу аркылуу.
- Билим алуу жана кесиптик даярдыктан өткөндүгү тууралуу жасалма сертификаттар. Төмөнкү маанидеги контент:
- Билим алуу жана кесиптик даярдыктан өткөндүгү тууралуу жасалма сертификаттарды сатууну, сатып алууну же алмаштырууну сунуштоо.
Уурдалган маалымат, товарлар же кызматтар менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук
- Карталар менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Уурдалган кредиттик карталарды же уруксатсыз сатып алуулар үчүн колдонууга боло турган башка каржылык куралдарды сатып алууну, сатууну же алмаштырууну камтыган (ошондой эле, "кардинг" катары белгилүү) контент.
- Жеке маалымат менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Эгерде ойдон чыгарылган каарманга таандык болбосо, адамдын өздүгүн аныктоочу жеке маалыматты же башка жеке маалыматты сатып алууну, сатууну же алмаштырууну сунуштоо.
- Жасалма сын-пикирлер менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Өнүмдөргө берилген сын-пикирлерди/бааларды сатып алууга, сатууга же алмаштырууга чакыруу.
- Колдонуучуларды арзандатуулардын, каражаттарды кайтарып берүүнүн же бекер буюмдардын ордуна сын-пикирлерди калтырууга ачык же кыйыр түрдө кызыктыруу.
- Жазылуу менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук Төмөнкү маанидеги контент:
- Акы төлөнүүчү онлайн кызматтарга аны атоо же анын логотибин бөлүшүү аркылуу шилтеме кылуу менен жазылуу кызматтары үчүн кирүү маалыматын сатып алууну, сатууну же алмаштырууну сунуштоо (регулярдуу аралыкта үзгүлтүксүз төлөмдү талап кылган онлайн кызматтарына кирүү маалыматы).
- Эскертүү: Биз кайсы бир объект мыйзамдуу, алдабаган контентти жарыялап жаткандыгын аныктоо үчүн башка сигналдарды дагы издейбиз, мисалы, эгерде ал ырасталган объект жана банк же каржылык институт болсо.
- Манипуляциялар менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук Төмөнкү маанидеги контент:
- Төмөнкүлөрдү бөлүшүүнү, сатууну, алмаштырууну же сатып алууну камтыйт:
- алдыда боло турган экзамендин суроолору же жооптору жазылган баракчалар.
- Экзамендерде алдоого мүмкүнчүлүк берген өнүмдөр же кызматтар.
- Баңгизатты текшерүүдөн уруксатсыз түрдө өтүүгө мүмкүнчүлүк берген өнүмдөр же кызматтар
Түзмөктөрдү уруксатсыз колдонуу менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук
- Түзмөк менен манипуляциялоого байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Манипуляцияланган, өзгөртүлгөн же жасалма өлчөө түзмөктөрүн сатып алууга, сатууга, алмаштырууга же бөлүшүүгө чакыруу.
- Баасын туура эмес көрсөтүү үчүн физикалык манипуляциялоо түзмөктөрүнө уруксат берүү, аларды жарнамалоо же колдонууга түртүү.
- Санариптик контент менен байланышкан алдамчылык жана шылуундук. Төмөнкү маанидеги контент:
- Санариптик контентке уруксатсыз түрдө кирүү мүмкүнчүлүгүн алууну жеңилдеткен же андай аракетти колдогон товарларды сунуштоо же суроо. Бул төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт: кеңейтилген приставкалар, толук жүктөлгөн/KODI орнотулган кутулар жана KODI кызматтары.
Алдоочу жана адаштыруучу тажрыйбалар
- Ден соолукка байланышкан адаштыруучу тажрыйбалар. Төмөнкү маанидеги контент:
- Апыртылган же чечкиндүү билдирүүлөрдү жасаган сенсациялык сөздөрдү колдонуу сыяктуу клик-бейт тактикасын колдонуу аркылуу арыктоо контекстинде ден соолукка байланышкан жалган же адаштыруучу билдирүүлөрдү же кепилдиктерди илгерилетүү
18 жаштагы жана андан жогору курактагы чоң кишилерге гана көрсөтүү үчүн, төмөнкү контентке чектөө киргизебиз:
Төмөнкү маанидеги контент:
- Эч кандай эскертүүсүз же жоопкерчиликтен баш тартуу тууралуу билдирүүсүз белгилүү бир убакыттын ичинде белгилүү бир арыктоого байланышкан натыйжаларды убада кылуу.
Жогоруда айтылгандарга карабастан, купуя маалыматты ачыктабастан же алдамчылык менен шылуундукту жарнамалабастан алдамчылык менен шылуундукту айыптаган, ага коомчулуктун көңүлүн бурган же башкаларга ал тууралуу маалымат берген контентке тыюу салбайбыз
Төмөнкү Коомдоштук стандарттарын ишке ашыруу үчүн биз кошумча маалымат жана/же контекст талап кылабыз:
- Төмөнкүдөй контентти өчүрүшүбүз мүмкүн:
- Ишенимдүү уюм тарабынан билдирилген алдамчылыкты/шылуундукту камтыган контент.
- Паракорлукка же коротууга байланышкан контент.
- Колдонуучуларды алдоо максатында вакциналарды сунуштаган контент.
- Жасалма адамды түзүүгө же алдоо максатында атактуу адамдын атын жамынууга же атактуу адамдын сүрөтүн уруксатсыз колдонууга аракет кылган контент.
- Адамдарды жашыруун көрүүгө же тартууга көмөктөшкөн товарларды же кызматтарды, мисалы, шпиондук камераларды, уюлдук телефондордун трекерлерин (анын ичинде белгисиз телефон номерлерди көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген) же башка жашыруун байкоо жүргүзүү үчүн жабдууларды сунуштоо же суроо.
- Өкмөттүк мекемелердин же жаңылыктар агенттиктеринин атын жамынуу, сенсациялык сөздөрдү же апыртылган билдирүүлөрдү колдонуу аркылуу адамдарга жамааттык доолорго катышууга үгүттөөнү сунуштоо.
- Колдонуучулардан жеке маалыматты киргизүүнү сураган жазылуу кызматтарын сунуштоо.
- Уюмдарга уюшкан алдамчылык же шылуундук жүрүм-турум менен алектенүүгө же ал тууралуу билдирүүлөргө, анын ичинде алдамчылык аракеттерин ишке ашыруу үчүн кызматтарыбызда бир нече аккаунттарды чогуу колдонууга уруксат бербейбиз.
Айрым учурларда, контент сатира мүнөзүндө экени аныкталса, биздин Коомдоштук стандарттарыбызды бузган контентке уруксат беребиз. Контентке анын стандарттарды бузуп жаткан элементтери тамаша катары болгондо же бир нерсеге же бирөөгө аларды тамашалап же сындоо үчүн колдонулса гана уруксат берилет.
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Алдамчылык, шылуундук жана алдоо ыкмалары боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз