Балдарды сексуалдык жактан эксплуатациялоо, кордоо жана жылаңач сүрөттөрүн жарыялоо

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Биз балдарды сексуалдык жактан эксплуатациялаган же аларга коркунуч туудурган контентке же аракеттерге уруксат бербейбиз. Балдардын ачык-айкын эксплуатацияланышы тууралуу билгенибизде, биз бул тууралуу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Дайынсыз жоголгон жана эксплуатацияланган балдардын улуттук борборуна (NCMEC) арыздануу жөнөтөбүз. Кээ бир учурларда адамдар өз балдарынын жылаңач түшкөн сүрөттөрүн жакшы ниет менен бөлүшөрүн билебиз; бирок биз жалпысынан бул сүрөттөрдү башкалар тарабынан кыянаттык менен пайдалануусу мүмкүн болгондуктан жана башка адамдардын ал сүрөттөрдү кайра колдонуусуна же мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуусуна жол бербөө үчүн алып салабыз.
Ошондой эле, онлайн коопсуздук маселелери боюнча, өзгөчө балдарга карата, коопсуздук саясаттарыбызды жана тартипти сактоону талкуулоо жана жакшыртуу үчүн, тышкы эксперттер, анын ичинде Meta'нын коопсуздук боюнча консультативдик кеңеши менен иштешебиз. Балдарды эксплуатациялоого каршы күрөшүү үчүн колдонгон технологиялар жөнүндө кененирээк маалымат алыңыз.
Төмөнкү нерселерди жарыялабаңыз:
Балдарды сексуалдык жактан эксплуатациялоо
Балдарды (анын ичинде эрезеге жете элек балдар, жаңы баскан балдар же ымыркайлар же адамга окшоштугу бар жасалма сүрөттөр, мисалы, искусстводо, жасалма интеллект тарабынан жасалган контент, ойдон чыгарылган каармандар, куурчактар ж.б.) сексуалдык жактан эксплуатациялоо менен коркуткан, аны чагылдырган, мактаган, колдоо көрсөткөн, көрсөтмөлөрдү берген, андай ниети жөнүндө билдирүүлөрдү жасаган, андай аракеттерге катышууну мойнуна алган же шилтемелерди бөлүшкөн контент, иш аракеттер же аракеттешүүлөр. Бул төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:
  • Жыныстык катнаш
    • Жок дегенде бир адамдын жыныстык органы же аналдык тешиги көрүнүп, ооздун же жыныстык органдын экинчи адамдын жыныстык органдарына же аналдык тешигине кирүү же тийүү катары аныкталган айкын көрсөтүлгөн жыныстык катнаш же оралдык катнаш.
    • Тымызын жыныстык же оралдык катнаш, анын ичинде катнаш шексиз же айкын көрүнбөгөн учурда.
    • Жыныстык органдарды же анусту стимуляциялоо, анын ичинде ал шексиз же айкын көрүнбөгөн учурда.
    • Жогоруда айтылгандардын бардыгы жаныбардын катышуусу менен.
  • Төмөнкүлөрдү камтыган, бирок алар менен чектелбеген жыныстык элементтери бар балдар:
    • Байлап кармоо үчүн шаймандар
    • Дүүлүгүү белгилери
    • Жыныстык органдарга же аналдык тешикке багыттоо
    • Жынысы дүүлүккөн абалда болгон чоң адамдын болуусу
    • Жыныстык катнаш үчүн оюнчуктардын болуусу же сексуалдык дүүлүгүү, кандыруу же сексуалдык зомбулук үчүн башка нерселерди колдонуу.
    • Сексуалдаштырылган костюм
    • Стриптиз
    • Атайын сахналаштырылган жер (мисалы, керебетте) же профессионалдуу тартылган сүрөт (сапат/фокус/бурчтары)
    • Оозун ачып өбүү
    • Адамдын эмчегинин үрпүн дүүлүктүрүү же аялдын эмчегин сыгуу (бала эмизүү контекстинен ТЫШКАРЫ)
    • Жыныстык иш аракеттери үчүн кошумча буюмдардын болушу
  • Сексуалдык фетиш контекстиндеги балдар катышкан контент
  • Медициналык контекстте нейтралдуу түрдө талкууланган учурлардан тышкары, педофилияны колдогон, үгүттөгөн, жактаган же үндөгөн контент.
  • Сексуалдык жактан эксплуатациялоого кабылган баланы аты же сүрөтү боюнча көрсөтүп же шылдыңдаган контент.
Опузалап алуу
Төмөнкүдөй аныкталган балдарды чагылдырган же аралаштырган сексуалдык мүнөздөгү контентти же аракеттерди талап кылган контент:
  • Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү материалы (БСЗКМ)
  • Жаш балдардын жылаңач сүрөттөрү
  • Жаш балдардын сексуалдаштырылган сүрөттөрү
Балдарга адепсиз мамиле
Балдарга адепсиз мамилени жараткан же ага көмөктөшүүчү контент, мисалы:
  • Жыныстык катнашуу максатында жаш балдар менен жолугушууларды талап кылуу, уюштуруу же пландаштыруу
  • Жыныстык мамилелер темасында баарлашуу же балдарга сексуалдык мүнөздөгү материалдарды сунуштоо, көрсөтүү же алардан алуу же талап кылуу, максаттуу түрдө ачыкка чыгаруу же купуя билдирүүлөр аркылуу жаш балдарды сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерге катышууга азгыруу
  • Балдар менен жеке билдирүүлөр аркылуу тымызын сексуалдык мүнөздө баарлашуу
  • Жеке билдирүүлөр аркылуу балдардан сексуалдык мүнөздөгү материалдарды алуу же суроо
Эксплуатациялоого багытталган интимдик сүрөттөр жана опузалоо
Бойго жете элек балдарды төмөнкү жолдор менен эксплуатациялоого аракет кылган контент:
  • Чыныгы же жасалма интимдик сүрөттөрүн же маалыматын ачыкка чыгарып салуу менен коркутуп, акча, кызмат көрсөтүү же интимдик сүрөттөрдү мажбурлап талап кылуу
  • Жеке сексуалдык баарлашууларды же чыныгы же жасалма интимдик сүрөттөрдү бөлүшүү, аны менен коркутуу же бөлүшүү ниетин билдирүү
Балдарды сексуалдаштыруу
  • Жаш балдарды сексуалдык контекстте чагылдырган контент (анын ичинде сүрөттөр, видеолор, чыныгы көркөм чыгармалар, санариптик контент жана оозеки сүрөттөмөлөр).
  • Жаш балдарды сексуалдаштырууга багытталган топтор, Баракчалар жана профилдер.
Баланын жылаңач денесин чагылдыруу
Жаш баланын жылаңач денесин чагылдырган контент, мында жылаңачтык төмөндөгүдөй аныкталат:
  • Жаш балдардын жыныстык мүчөлөрүнүн жакындан тартылган сүрөттөрү
  • Төмөнкүлөрдү көрсөткөн чыныгы же жасалма жылаңач наристелер:
    • Жеңил-желпи кийим менен жабылган же тосулган болсо да, жыныс органдары көрүнгөн сүрөттөр
    • Жылаңач анус жана/же жамбаштын жакындан тартылышы
  • Төмөнкүлөрдү көрсөткөн жылаңач эрезеге жете элек балдар:
    • Көрүнөө жыныс органдары (анын ичинде чурай чачтары же жука кийимдер менен жабылган жыныстык органдары)
    • Жылаңач анус жана/же жамбаштын жакындан тартылышы
    • Кыздардын ачык көкүрөк үрптөрү
    • Жыныс органдары же кыздардын көкүрөк үрптөрү көрүнбөсө да, моюндан тизеге чейин кийими жок тартылган материалдар
  • Сүрөт ден-соолук максаттарында болбосо же баланын сексуалдык эмес жылаңач сүрөтүн көрсөтүү көркөм чыгармаларда болбосо
Баланы физикалык жактан кордоо
Көркөм чыгармалардан, мультфильмдерден, тасмалардан же видео оюндардан тышкары контекстте жарыялоо максатына карабай жаш баланы физикалык жактан кордоону чагылдырган видеолор же сүрөттөр
Балдарга физикалык жактан кордоо көрсөтүүнү мактаган, колдогон, кубаттаган, жактаган, үйрөткөн же андай аракетке катышууга үндөгөн контент
Балдарды сексуалдык жактан эксплуатациялоо, кордоо жана жылаңач денесин чагылдыруу (CSEAN) боюнча эрежелерибизди бузган аккаунттарды өчүрүүдөн тышкары, мүмкүн болгон керексиз же кооптуу аракеттешүүлөрдүн алдын алуу үчүн, текшерүүчүлөрүбүз жана автоматташтырылган системаларыбыз белгилердин кеңири спектрин эске алышат.
  • Чоң адамдардын өнүмдөр менен функцияларга кирүү мүмкүнчүлүгүн (мисалы, кайсы бир аккаунттарга жазылуу мүмкүнчүлүгүн) алардын башка аккаунттар менен аракеттешүүлөрүнүн, эреже бузган контентти издөөлөрүнүн же алар менен аракеттешүүлөрүнүн же эрежелерибизди бузгандыгы үчүн өчүрүлгөн коомдоштуктарда (мисалы, Топтордо) мүчө болуусунун негизинде чектеп же аккаунттарын өчүрүшүбүз мүмкүн.
Адамдарга контент аларды тынчыздандырышы мүмкүн экенин билдирүү үчүн, төмөнкү контенттерге эскертүү экранын кошобуз жана контентти көрүү мүмкүнчүлүгүн он сегиз жаштан ашкан курактагы адамдар менен чектейбиз:
  • Милиция же аскер кызматкерлери балдарга физикалык жактан кордоо көрсөтүп жатканын чагылдырган видеолор же сүрөттөр
  • Балдарга физикалык жактан кордоо көрсөтүлүп жаткандагы видеолор же сүрөттөр; укук коргоо, балдарды коргоо органдары же коопсуздук боюнча кызматташкан ишенимдүү өнөктөштөр баланы коопсуз жайга кайтаруу максатында бизден контентти платформада калтырууну суранганда
Айрым адамдар үчүн контент сезимталдуу болушу мүмкүн экенин билдирүү үчүн, төмөнкүдөй контексттеги материалдарга эскертүү белгисин кошобуз:
  • Диний ырым-жырымдардын алкагында баланы зордоп сууга чөмүлдүрүп жаткан видеолор же сүрөттөр
Төмөнкү Коомдоштук стандарттарын ишке ашыруу үчүн биз кошумча маалымат жана/же контекст талап кылабыз:
Адамдарга контент потенциалдуу түрдө ылайыксыз экенин алдын ала эскертүү үчүн, төмөнкүдөй контенттерге эскертүү белгисин кошобуз:
  • Маалымат агенттиги тарабынан жарыяланган, ачкачылык, геноцид, согуш кылмыштары же адамзатка каршы кылмыштарды сүрөттөө максатында балдардын жылаңач денесин чагылдырган сүрөттөр; бирок эгерде эрежени бузган коштомо жазуу менен коштолсо же эреже бузган контекстте жарыяланса, анда бул контент өчүрүлөт
Ошондой эле маалымат каражаттары жаатындагы өнөктөштөр, бейөкмөт уюмдар же коопсуздук боюнча кызматташкан ишенимдүү өнөктөштөр арызданса, балдарга көрсөтүлгөн физикалык кордоонун кесепеттерин чагылдырган сүрөттөрдү алып салышыбыз мүмкүн.
Эгерде контентте адамдын өздүгүн аныктай турган маалымат камтылса, баланы сексуалдык жактан эксплуатациялоонун божомолдонгон жабырлануучуларын аты-жөнү же сүрөтүнөн башка каражаттар аркылуу аныктаган контентти өчүрүшүбүз мүмкүн.
Эгерде эрезеге жете элек балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, Укук коргоо органдары, Өкмөт, Ишенимдүү өнөктөштүн өтүнүчү менен же контент тууралуу эрезеге жете элек бала өзү же анын ата-энеси/мыйзамдуу камкорчусу арызданса, эрезеге жете элек баланы аныктоо максатында түзүлгөн контентти өчүрүшүбүз мүмкүн.
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Дайындар
Акыркы Коомдоштук стандарттарын аткаруу отчётун көрүү
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Балдарды сексуалдык жактан эксплуатациялоо, кордоо жана жылаңачтоо боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз