Кордоо жана асылуу
Саясат тууралуу кененирээк
ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Бүгүн
2025-ж., 22-янв.
2024-ж., 2-июл.
2023-ж., 13-дек.
2023-ж., 28-сен.
2023-ж., 29-июн.
2023-ж., 30-мар.
2023-ж., 26-янв.
2022-ж., 29-сен.
2021-ж., 23-дек.
2021-ж., 13-окт.
2021-ж., 26-авг.
2021-ж., 4-май
2021-ж., 2-апр.
2021-ж., 28-янв.
2020-ж., 18-ноя.
2020-ж., 30-июл.
2020-ж., 28-май
2020-ж., 27-фев.
2020-ж., 30-янв.
2019-ж., 16-дек.
2019-ж., 29-сен.
2019-ж., 30-июл.
2019-ж., 1-июл.
2019-ж., 26-апр.
Саясаттын жүйөсү
Кордоо жана асылуу көптөгөн жерлерде кездешет жана алар коркутуулардан жана жеке маалыматты ачыкка чыгаруудан баштап, коркутуу максатындагы билдирүүлөрдү жиберүүгө жана керексиз зыяндуу байланыштарды түзүүгө чейин ар кандай формада болот. Биз мындай жүрүм-турумду кабыл албайбыз, анткени бул Facebook'та, Instagram'да жана Threads'те коопсуздук жана бири-бирин сыйлоо чөйрөсүн түзүүгө тоскоол болот.
Бул саясат коомдук ишмерлерге тиешелүү эмес, анткени биз жаңылыктарда көрсөтүлгөн же кеңири аудиторияга ээ болгон адамдарды сындаган маанидеги коомдук талкууларга уруксат бергибиз келет. Бирок, биз коомдук ишмерлерге карата катаал чабуулдар камтылган контентти, ошондой эле коомдук ишмер түздөн-түз постто же пикирде белгиленип чабуул жасалган айрым контентти өчүрөбүз. Биздин аныктообуз боюнча, коомдук ишмерлерге мамлекеттик жана улуттук деңгээлдеги кызматкерлер, ошол кызматтарга саясий кандидаттар, социалдык медиада бир миллиондон ашык күйөрмандары же катталуучулары бар адамдар жана жаңылыктарда байма-бай чыгып турган адамдар кирет.
Жеке адамдар үчүн катуу коргоо чаралары колдонулат: басынтууга же уят кылууга багытталган контентти, анын ичинде, мисалы, кимдир бирөөнүн сексуалдык аракети тууралуу ойлор өчүрүлөт. Биз кордоо жана асылуу эрезеге жете элек балдарга көбүрөөк эмоционалдык таасир этиши мүмкүн экенин түшүнөбүз, ошондуктан саясаттарыбыз колдонуучунун статусуна карабай, 18 жашка толо элек колдонуучулар үчүн күчөтүлгөн коргоону камсыздайт.
Контекст жана ниет маанилүү, андыктан маалымат кордоо жана асылуу аракеттерин ачыктап же ага көңүл бурдуруу үчүн бөлүшүлгөнү анык болсо, андай постту жарыялоого жана бөлүшүүгө уруксат беребиз. Айрым учурларда, биз кордук көрсөтүлгөн адамдардан ал тууралуу арызданууну талап кылабыз, анткени ал бизге бирөөнүн кордоого же куугунтуктоого кабылганын түшүнүүгө жардам берет. Мындай жүрүм-турум жана контент жөнүндө арыздануудан тышкары, биз адамдарды андан коргонуу үчүн платформаларыбызда жеткиликтүү куралдарды колдонууга чакырабыз.
Ошондой эле бизде Кордоонун алдын алуу түйүнү бар, ал кордоо ж.б. талаштарга байланыштуу маселелер боюнча колдоо издеген өспүрүмдөр, ата-энелер жана мугалимдер үчүн маалымат булагы болуп саналат. Ал жерде кордоо жөнүндө билдирүүлөрдү кантип баштоо керектиги тууралуу толук жетектеме камтылган. Адамдарды кордоодон жана асылуудан коргоо үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканы жөнүндө бул жерден кененирээк билиңиз.
Эскертүү: Бул саясат Коркунучтуу уюмдар жана адамдар боюнча саясатка туура келген белгилүү бир уюмдардын мүчөлөрү болгон адамдарга же 1900-жылга чейин каза болгон адамдарга карата колдонулбайт.
1-деңгээл: Ар бир адам үчүн жалпы коргоо чаралары:
- Ар бир адам төмөнкүдөй аракеттерден корголот:
- Төмөнкүдөй жагымсыз байланыш:
- Кайталанган, ЖЕ
- Сексуалдык мүнөздө асылуу, ЖЕ
- Алдын ала кайрылуусуз көп сандагы адамдарга багытталган.
- Белгилүү бир адамды же адамдардын тобун өзүнө зыян келтирүүгө же өз жанын кыюуга чакырган билдирүүлөр.
- Сексуалдык зордуктун, сексуалдык эксплуатациянын, сексуалдык мүнөздө асылуунун же үй-бүлөлүк зомбулуктун жабырлануучусу болгон адамдарга алардын статусуна байланыштуу асылган маанидеги билдирүүлөр.
- Сексуалдык иш аракеттерге катышуу ниетин билдирген же аларды сексуалдык иш аракеттерге катышууга үгүттөгөн билдирүүлөр.
- Сексуалдык маанидеги пикирлерди калтыруу.
- Сексуалдык контексттеги кемсинтүү максатындагы фотошоп же сүрөттөр
- Сексуалдык аракетке байланыштуу кемсинтүүчү сөздөр менен адамдарга асылуу (мисалы: сойку, жалап).
- Катаал трагедия болгон жок деген билдирүүлөр.
- Адамдар катаал трагедиянын же террористтик чабуулдун курмандыгы болгондугу тууралуу калп айтып жатат деген билдирүүлөр, анын ичинде алар төмөнкүлөрдү кылып жатат деген билдирүүлөр:
- Белгилүү бир окуянын курмандыгы болумуш болуп, же
- Ал окуядагы ролу тууралуу адамдарды адаштыруу үчүн акча төлөнүп же жалданган.
- Адамдын жеке телефон номерин, жашаган жеринин дарегин, электрондук почта дарегин же медициналык картасындагы маалыматтарды жалпыга жарыялоо менен коркутуу (Купуялыкты бузуулар саясатында аныкталгандай).
- Кордоо же асылуу аракеттерине катышууга чакыруулар же катышуу ниетин билдирүүлөр.
- Айызы келген, заара ушатуу, кусуу же заң чыгаруу учурунда же андан кийин дароо сүрөткө тартылган адамдарды кемсинткен же аларга жийиркеничтүү сезимин билдирген контент
- Ар бир адам төмөнкү нерселерден корголот, бирок бойго жеткен коомдук ишмерлер андай аракеттерге атайын кабылган болсо гана каралат:
- Өлүм жана патологиялык ооруну жугузуп алууну же анын өрчүүсүн тилеген билдирүүлөр.
- Бирөөнүн өлүмгө же патологиялык ооруга кабылуусун майрамдоо же шылдыңдоо.
- Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялар боюнча билдирүүлөр.
- Адамдын сырткы келбети тууралуу кемчиликтерин билдирүү.
2-деңгээл: Бардык эрезеге жете электерге, жеке чоң адамдарга жана коомдук ишмерлердин чектелген тобуна кошумча коргоолор (мисалы, негизги атагы активисттик, журналисттик ишмердүүлүгү менен чектелген же кокустан атактуу болгон адамдар):
- Ар бир адамга болгон жалпы коргоо чараларынан тышкары, бардык эрезеге жете электер (жеке адамдар жана коомдук ишмерлер), жеке чоң адамдар жана чектелген сандагы коомдук ишмерлер төмөнкүдөй аракеттерден корголот:
- Чоңдорго уруксатсыз сексуалдык мүнөздө тийишкени үчүн козголгон кылмыш иштеринен тышкары, сексуалдык аракеттер боюнча айыптоолор.
- Башка чоң адамды сексуалдаштырган контент(эрезеге жете электерди сексуалдаштыруу Балдарды сексуалдык эксплуатациялоо, кордоо жана жылаңачтоо боюнча саясатта камтылган).
- Бардык эрезеге жете электер (жеке адамдар жана коомдук ишмерлер), жеке чоң адамдар жана чектелген сандагы коомдук ишмерлер төмөнкү аракеттерден корголот (бирок эрезеге жете элек коомдук ишмерлерге андай аракеттер атайын багытталган болушу шарт):
- Адамды төмөнкүдөй жаман нерселерге салыштыруу (жазуу же визуалдык түрдө):
- Жаныбарлар жана курт-кумурскалар, анын ичинде маданий жактан ылдый деп кабыл алынган адамдан ылдый турган жандыктар.
- Бактериялар, вирустар, микробдор жана оорулар.
- Жансыз нерселер, анын ичинде таштанды, кир, фекалия.
- Кээ бир физикалык өзгөчөлүктөрдү (мурун, кулак ж.б.) баса белгилөө, бөлүп көрсөтүү же башка жол менен ага терс мааниде көңүл бурдуруу максатында колдонулган контент.
- Аларды сырткы келбетине же мүнөзүнө негиздеп баалаган контент.
- Спорттун мушташ түрлөрүнөн тышкары, физикалык кордоонун жабырлануучусу катары көрсөтүлгөн адамдарды кемсинткен контент.
3-деңгээл: эрезеге жете элек жеке жактарга, жеке чоң адамдарга жана кокустан коомдук ишмер болгон эрезеге жете электерге карата кошумча коргоо чаралары:
- Жогоруда тизмектелген коргоо чараларынан сырткары, бардык жеке эрезеге жете электер, жеке чоң адамдар (өз алдынча арыз тапшырган) жана кокустан коомдук ишмер болгон эрезеге жете электер төмөнкү нерселерден корголот:
- Бир адамга багытталган сөгүш.
- Сүйүү мамилелери, сексуалдык ориентациясы же гендердик иденттүүлүгү жөнүндө билдирүүлөр.
- Иш-аракеттерге чакыруу, ниеттер тууралуу билдирүүлөр, шыктандыруучу же шарттуу билдирүүлөр же эксклюзияны жактаган же колдогон билдирүүлөр.
- Чоңдорго каршы кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана ишке байланыштуу серептен тышкары, терс мүнөзү же жөндөмдүүлүгү тууралуу айыптоолор.
- Чоңдорго карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу контекстинен тышкары, жек көрүү, жийиркенүү жөнүндө билдирүүлөр же адамдын бар экендигин четке каккан контент.
- Өз алдынча арыз тапшырылса, жеке эрезеге жете электер, жеке чоң адамдар жана кокустан коомдук ишмер болгон эрезеге жете электер төмөнкүлөрдөн корголот:
- Биринчи жак тарабынан аудио кордоо.
- Керексиз маанидеги манипуляцияланган сүрөттөр.
- Сырткы келбети боюнча башка коомдук, ойдон чыгарылган же жеке адамдар менен салыштыруу.
- Динге таандыктыгы боюнча же Кудайга акарат келтирген билдирүүлөр
- Маданиятта интеллектуалдык же физикалык жактан төмөн катары кабыл алынбаган жаныбарларга («жолборс», «арстан») салыштыруулар.
- Бейтарап же оң физикалык сүрөттөмөлөр.
- Адамдын мүнөзү же жөндөмдүүлүгү жөнүндө терс эмес билдирүүлөр.
- Жыныстык катнаштын жоктугуна байланыштуу кемсинткен сөздөр аркылуу асылуу.
4-деңгээл: Жеке эрезеге жете электерге карата гана колдонулган кошумча коргоо чаралары:
- Биздин эрежелер боюнча, эрезеге жете электер эң көп коргоого алынат. Жогоруда тизмектелген коргоо чараларынан тышкары, жеке эрезеге жете электер төмөнкү нерселерден дагы корголот:
- Кылмыштуу же мыйзамсыз жүрүм-турум жөнүндө айыптоолор.
- Бардык контекстте бөлүшүлгөн, эрезеге жете электерге карата физикалык кордоо камтылган видеолор.
- Аялдарга карата сөгүнгөн сөздөргө тиешелүү кемсинтүүчү сөздөр.
Баракчалар, топтор, иш-чаралар жана билдирүүлөр аркылуу кордоо жана асылуу
- 1ден 4кө чейинки деңгээлдердеги коргоо чаралары баракчаларга, топторго, иш-чараларга жана билдирүүлөргө карата дагы колдонулат.
Төмөнкү Коомдоштук стандарттарын ишке ашыруу үчүн биз кошумча маалымат жана/же контекст талап кылабыз:
Төмөнкү нерселерди кылууга тыюу салынат:
- Жеке адамдарга каршы багытталган жана жагымсыз баракчалар, топтор жана окуялар аркылуу таратылган контент. Жабырлануучу же жабырлануучунун ыйгарым укуктуу өкүлү арыздануу жөнөтсө, биз бул контентти алып салабыз.
- Жогоруда сүрөттөлгөн контент багытталган адам контент жөнүндө арызданууну талап кылган же пост түздөн-түз ал багытталган адамга багытталганын көрсөтүүсүн талап кылган контентти жарыялоо (мисалы, багытталган адам постто же пикирде белгиленет). Контент багытталган адамдан же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн контентке каршы экенин ырастасак, бул контентти алып салабыз.
- Саясаттарыбызга ылайык, кордоо же асылуу катары бааланышы мүмкүн болгон жүрүм-турумга үндөгөн же катышууга ниетин билдирген контент жарыялоо. Эгерде контент багытталган адамдан же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн контент жагымсыз деген билдирүү алынса, бул контентти алып салабыз.
- Коомдук ишмер жөнүндө сексуалдык мүнөздөгү контент жарыялоо. Эгерде контент багытталган адамдан же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн контент жагымсыз деген билдирүү алынса, бул контентти алып салабыз.
- Билдирүү алуучуга карата сексуалдык мүнөздө асылган билдирүү жазуу. Эгерде билдирүү алуучудан же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн контент жагымсыз деген билдирүү алынса, жагымсыз контекстте бөлүшүлгөн контентти алып салабыз.
- Төмөнкү учурларда багытталган массалык асылууну алып салуу:
- Төмөнкүдөй аныкталган "офлайн режиминде зыян келтирүү коркунучу жогору болгон адамдарга" ар кандай жол менен багытталган:
- Укук коргоочулар
- Эрезеге жете электер
- Зордук-зомбулук окуяларынын/трагедияларынын жабырлануучулары
- Шайлоо учурунда коркунучта болгон өлкөлөрдөгү оппозиция өкүлдөрү
- Шайлоо комиссияларынын кызматкерлери
- Диссидент статусунан улам кастык аракеттерге дуушар болгон өкмөттүк диссиденттер
- Чыр-чатак орун алган аймактардагы этникалык жана диний азчылыктар
- Аныкталган жана таанылуу тобокелдик тобунун мүчөсү
- Кандайдыр бир адамды жеке баракчалары аркылуу, мисалы, келген каттар же профилдер аркылуу бутага алуу:
- Жеке адамдарды кордоо жана аларга асылуу боюнча саясаттарды бузган контент же,
- Корголгон мүнөздөмөнүн негизинде орунсуз контент
- Массалык асылууга катышкандардын бөлүгү катары аккаунттарды өчүрүү
- Ар кандай жол менен каалаган адамды бутага алган өкмөттүк же өкмөткө тиешелүү тармактар.
- Каалаган адамды ар кандай жол менен бутага алган душмандык тармактар:
- Жеке адамдарды кордоо жана аларга асылуу боюнча саясатын бузган контент же,
- Корголгон мүнөздөмөнүн негизинде аларга багытталган контент же,
- Жергиликтүү контекстте орунсуз деп кабыл алынуучу контент же жүрүм-турум
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Дайындар
Акыркы Коомдоштук стандарттарын аткаруу отчётун көрүү
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Кордоо жана асылуу боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз