Анык өздүк маалыматты көрсөтүү

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Аныктык – биздин коомдоштуктун негизги идеясы. Аныктык адамдар бири-бирине жана Meta'га маанилүү түрдө жооптуу болгон коомдоштукту түзүүгө жардам берет деп ишенебиз. Дүйнөлүк коомдоштугубузда биз өздүк маалыматтын көп жолдор менен билдирилишине уруксат берүү менен, ошол эле учурда, башка бирөөнүн атын жамынуу жана өздүк маалыматты бурмалап берүү учурларын алдын алууну көздөйбүз. Адамдар бири-бирине ишенип коомдоштук түзө алган коопсуз жана ачык чөйрөнү сактоо үчүн, башкаларды алдоо максатында түзүлгөн же колдонулган аккаунттарга же профилдерге уруксат бербейбиз.
Facebook'та, адамдардан алардын чыныгы өздүк маалыматын билдирген күнүмдүк жашоодогу ысымдары менен аккаунт түзүүсүн талап кылабыз. Адамдарга кызыккан нерселери же компаниялары сыяктуу өздүк маалыматын ар тараптан билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн, кошумча профилдерди түздүк.
Төмөнкү учурларда биздин кызматтарды колдонууга тыюу салабыз жана Facebook, Instagram жана Threads аккаунттарын же башка Facebook объекттерин (баракчалар, топтор сыяктуу) чектеп же өчүрөбүз:
  • Жашы жете элек балдарга таандык болсо
  • Төмөнкү жолдор аркылуу башка адамдын же уюмдун атын жамынса:
    • Алардын сүрөтүн, атын же окшоштугун башкаларды алдоо максатында колдонсо
    • Башка адамдын же уюмдун атынан уруксаты жок сүйлөсө (мисалы, Баракча же профиль түзүү аркылуу)
  • Башкаларды алдоо, эрежелерди аткаруудан качуу же Коомдоштук стандарттарын бузуу үчүн, өздүк маалыматын туура эмес көрсөтсө. Адамдарды адаштыруу үчүн өздүк маалыматты бурмалаган деп тыянак чыгарууда биз төмөнкүдөй бир катар факторлорго көңүл бурабыз:
    • Аты же жашы сыяктуу өздүк маалыматтын бир нече жолу же олуттуу түрдө өзгөртүлүшү
    • Өмүр баяны жана профилдин жайгашкан жери тууралуу профиль маалыматынын өзгөртүлүшү.
    • Стандарттык сүрөттөрдү колдонуу
  • Коомдоштук стандарттарыбызды бузган ысымды колдонсо.
Facebook'та, убактылуу чектөөлөрдү киргизүүдөн баштап, аларды биротоло өчүрүүгө чейин чараларды көрүүдөн мурун, төмөнкүдөй учурларда көбүрөөк маалымат керек болушу мүмкүн:
  • Туура эмес туулган күндү көрсөтсөңүз
  • Күнүмдүк жашоодо колдонгон ысымыңыздан башка ысымды колдонсоңуз
  • Бир нече адамды көрсөткөн же бир нече адам тарабынан колдонулган бир эле аккаунт түзсөңүз
  • Бир нече Facebook аккаунтун түзүп же башкарсаңыз
  • Бизнес, үй жаныбары же ойдон чыгарылган каарман сыяктуу адамдан башка объектти билдирген аккаунт түзсөңүз
  • Көп убакытка чейин эч кандай аракет болбогон бош аккаунттарды сактасаңыз
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Анык өздүк маалыматты көрсөтүү боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз