Аккаунттун бүтүндүгү

Саясат тууралуу кененирээк

ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖУРНАЛЫ
Саясаттын жүйөсү
Коопсуз чөйрөнү сактап, адамдарга өз ойлорун эркин билдирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн, коомдоштукка зыяндуу аккаунттарды чектеп же өчүрөбүз. Коомдоштук стандарттарыбызды одоно жана туруктуу түрдө бузган аккаунттарды чектөө жана өчүрүү үчүн, автоматташтырылган жана кол менен жөндөлө турган системалардын айкалышын иштеп чыктык.
Аккаунтту өчүрүү катаал чара болгондуктан, колдонуучуларыбызга мүмкүн болушунча биздин эрежелер менен таанышып, Коомдоштук стандарттарыбызды сактоосуна көбүрөөк жардам берүүгө аракет кылабыз. Мисалы, контент өчүрүлгөн сайын билдирме жиберилип турат жана көп учурларда эреже бузуулардын мүнөзү жана колдонулган чектөөлөр тууралуу да маалымат берип турабыз. Тартипти сактоо үчүн көрүлгөн чараларыбыз эрежени бузуунун, аккаунттун эреже бузуу таржымалынын жана коомдоштукка келтирилген коркунучтун же зыяндын катаалдыгына жараша болгудай болуп иштелип чыккан. Кайталанган эскертүүлөргө жана чектөөлөргө карабастан уланган эреже бузуулар же коопсуздукка олуттуу коркунучтарды жараткан учурлар аккаунттун өчүрүлүшүнө алып келет.
Meta саясаттарынын сакталышын кантип камсыз кылып, аккаунттарды кантип чектей тургандыгы тууралуу Тунуктук борборунан кененирээк билиңиз.
Төмөнкү учурларда аккаунттарды, башка объекттерди (Баракчалар, топтор, иш-чаралар) же компаниянын мүлктөрүн (бизнес менеджерлер, жарнамалык аккаунттар) чектөөгө алып же өчүрүшүбүз мүмкүн:
  • Коомдоштук стандарттарыбызды зыяндарды, анын ичинде жеке адамдын же коомчулуктун коопсуздугуна түз зыян келтирүү коркунучу болгонунан улам укук коргоо органдарына кайрылууга мажбур кылган зыяндарды келтирүү аркылуу одоно бузса
  • Коомдоштук стандарттарыбызды жеке адамдын же коомчулуктун коопсуздугуна түз зыян келтирүү коркунучу болгонунан улам укук коргоо органдарына кайрылууга мажбур кылган зыяндарды келтирүү аркылуу одоно бузса
  • Алдамчылык же кооптуу компанияга болгон зыяндар аркылуу жарнамалар стандарттарыбызды бузса
  • Эреже бузган контентти жарыялоо жана/же эреже бузган объекттерди же компаниянын мүлктөрүн башкаруу аркылуу Коомдоштук стандарттарыбызды кайра-кайра бузса
  • Жарнамалар стандарттарыбызды кайра-кайра бузса
  • Эреже бузуу максатын ачык билдирген иш-аракеттерди же жүрүм-турумду көрсөтсө
Төмөнкүдөй аккаунттарды, башка объекттерди (Баракчалар, топтор, иш-чаралар) же компаниянын мүлктөрүн (бизнес менеджерлер, жарнамалык аккаунттар) чектөөгө алып же өчүрүшүбүз мүмкүн:
  • Өчүрүлгөн аккаунттун ээсине же объектке таандык болсо
  • Мурунку аккаунту өчүрүлгөндөн улам, коргоо чараларын айланып өтүү максатында түзүлгөн же мурда өчүрүлгөн аккаунттарды же объекттерди жана контенттерди чогуу алып барат деп аныкталган аккаунттун профилин өзгөртүү.
  • Аккаунтту бөгөттөгөн колдонуучу менен байланышуу үчүн түзүлгөн
  • Чара көрүү аракеттерибизди же текшерүү процесстерибизди айланып өтүү үчүн колдонулган
Төмөнкүдөй аккаунттарды, башка объекттерди (Баракчалар, топтор, иш-чаралар) же компаниянын мүлктөрүн (бизнес менеджерлер, жарнамалык аккаунттар) чектөөгө алып же өчүрүшүбүз мүмкүн:
  • Эрежелерибизди бузган же аларды аткаруудан качкан аккаунттар тармагы же башка объекттер менен тыгыз байланышта болсо.
  • Эрежелерибизди дайыма же одоно бузган аккаунттар тармагында же башка объекттерде координация кылса
  • Аккаунттар тармагы аркылуу эреже бузуу максатын ачык көрсөткөн иш-аракеттер же жүрүм-турум болсо
Платформабызда зыянга алып келе турган платформадан сырткары иш-аракеттерге катышкан аккаунттарды же башка объекттерди (Баракчалар, топтор, иш-чаралар) же компаниянын мүлктөрүн (бизнес менеджерлер, жарнамалык аккаунттар), анын ичинде төмөнкүлөрдү чектөөгө алып же өчүрөбүз:
  • Балдарга же чоң адамдарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүүгө байланышкан кылмыштар үчүн соттолгон сексуалдык кылмышкерге таандык болсо
  • Белгиленген жакка таандык же анын атынан башкарылган
  • Колдонуудагы мыйзамдар боюнча биздин өнүмдөрдү, кызматтарды же программаларды алууга тыюу салынган
Төмөнкү учурларда, ээлик кылууну жана/же уруксат берилген иш-аракеттерди ырастоо үчүн, аккаунт тууралуу кошумча маалымат сурашыбыз мүмкүн:
  • Чабуул жасалган аккаунттар
  • Скрипттерди колдонуу сыяктуу автоматташтырылган каражаттар аркылуу аккаунт же башка объект түзүү же колдонуу (скрипттерди колдонуу аракеттери уруксат берилген жолдор аркылуу аткарылган жана эрежелерибизди бузбаган учурлардан тышкары)
  • Көп убакытка чейин аракеттер болбогон бош аккаунттар
Колдонуучунун тажрыйбалары
Facebook колдонуучулары үчүн милдеттүү болгон тартипти сактоо боюнча айрым мисалдарды көрүңүз, мисалы: Facebook'тун эрежелерине туура келбейт деп эсептеген контенттин үстүнөн арыздануу, Коомдоштук стандарттарын бузганыңыз тууралуу билдирүү алуу жана айрым контенттерде эскертүү экранын көрүү.
Эскертүү: Биз жакшыртуунун үстүнөн дайыма иштегендигибизге байланыштуу, бул жердеги материалдар биз учурда колдонуп жаткандарга салыштырмалуу бир аз эскирээк болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыз тапшыруу
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Арыздануудан кийинки сүйлөшүү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Контентти өчүрүп салуу үлгүсү
КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ
Эскертүү экрандары
Дайындар
Акыркы Коомдоштук стандарттарын аткаруу отчётун көрүү
Эрежени сактоо
Биздин эрежелерибиз дүйнө жүзүндөгү Facebook колдонуучуларына бирдей колдонулат.
Текшерүү топтору
Facebook колдонуучуларынын коопсуздугун сактоо үчүн, бизде күнүгө дүйнө жүзү боюнча 15 000 ашык адамдан турган текшерүүчүлөр тобу иштешет.
Кызыкдар тараптар менен аракеттешүү
Тышкы эксперттер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдар жана саясатчылар Facebook Коомдоштугунун стандарттары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жардам беришет.
Аккаунттун бүтүндүгү боюнча жардам алуу
Facebook'та Коомдоштук стандарттарыбызды бузган нерсени көргөндө эмне кылса болору тууралуу билиңиз.
Колдоо борборуна баш багыңыз