Коомдоштук стандарттары

Коомдоштук стандарттарында Facebook'та, Instagram'да, Messenger'де жана Threads'те эмне кылууга болору жана эмне кылууга тыюу салынганы аныкталган.
Киришүү
Бул стандарттар колдонуучулардын пикир-маалыматтарына жана технология, коомдук коопсуздук жана адам укуктары сыяктуу тармактардагы адистердин кеңештерине негизделген. Ар бир адамдын пикиринин бааланганына ынануу үчүн, биз ар түрдүү көз караштарды жана ишенимдерди, атап айтканда, көз жаздымда калып же маргиналдуу болуп калышы мүмкүн болгон адамдардын жана коомдоштуктардын көз караштарын жана ишенимдерин эске алган стандарттарды иштеп чыгууга өзгөчө басым жасайбыз.
Күн сайын адамдар Facebook’ту, Instagram'ды, Messenger'ди жана Threads'ти өз тажрыйбаларын бөлүшүү, достору жана үй-бүлөсү менен байланышуу жана коомчулуктарды түзүү үчүн колдонушат. Кызматтарыбыз ар кайсы өлкөлөрдөгү ар кандай маданиятка таандык миллиарддаган адамдарга ондогон тилдерде өз ойлорун билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Meta адамдарга баарлашуу мүмкүнчүлүгүн бере турган аянтча болушу Facebook, Instagram, Messenger жана Threads үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнөт жана кызматын кыянаттык менен пайдаланууну алдын алууда өз ишине чоң жоопкерчилик менен карайт. Ошол себептен биз бул кызматтарда эмне кылууга болору жана эмне кылууга тыюу салынары тууралуу стандарттарды иштеп чыктык.
Коомдоштук стандарттарынын англисче (АКШ) версиясы саясаттардын эң акыркы топтомун чагылдырарын жана негизги документ катары колдонулушу керектигин эске алыңыз.
Биздин ар бир пикирге орун берүүгө болгон умтулуубуз
Коомдоштук стандарттарыбыздын максаты ар дайым адамдарга өзүн көрсөтүү жана өз оюн билдирүү үчүн орун түзүп берүү болуп саналат. Meta айрымдар макул болбосо же алардын оюна каршы келе турган болсо да, адамдар өздөрү үчүн маанилүү болгон маселелер жөнүндө пикир жазуу, сүрөттөр, музыка же башка көркөм каражаттар аркылуу ачык айта алышын каалайт. Айрым учурларда, эгерде контент стандарттарыбызды бузуп, бирок жарыялоого татыктуу жана коомдун кызыкчылыктарына туура келсе, аны жарыялоого уруксат беребиз. Биз мындай чечимди коомдук кызыкчылыктын маанисин зыян келтирүү коркунучу менен таразалагандан кийин кабыл алабыз жана адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды дагы эске алабыз. Башка учурларда, эки маанилүү же мааниси катылган сөздөрдү колдонгон контентти анын кошумча контекстинен биздин стандарттарга каршы келерин аныктасак өчүрүшүбүз мүмкүн.
Адамдардын өз оюн билдирүүгө карата болгон оң мамилебиз баарынан жогору турат, бирок Интернет кыянаттык үчүн жаңы жана көп сандагы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатканын түшүнөбүз. Ушул себептерден улам, төмөнкү баалуулуктардын бири же бир нечеси бузулган учурларда адамдарга өз оюн билдирүүгө чектөө коюуга туура келет:
АНЫКТЫК
Колдонуучулар көргөн контент анык болушун камсыз кылууга умтулабыз. Биз аныктык маалымат алмашуу үчүн эң жакшы шарттарды түзөт деп ишенебиз. Ошондуктан кызматтарыбызды колдонгон адамдар ким экенин жана эмне кылып жатканын туура эмес көрсөтүшүн каалабайбыз.
КООПСУЗДУК
Facebook'ту, Instagram'ды, Messenger'ди жана Threads'ти коопсуз кылууга умтулабыз. Адамдардын физикалык коопсуздугуна зыян келтире турган контентти өчүрөбүз. Адамдарды коркуткан контент башкаларды коркутуп, четтетип же үнүн басып коюшу мүмкүн жана андай контентке кызматтарыбызда уруксат берилбейт.
КУПУЯЛЫК
Жеке маалыматтын купуялыгын коргоо үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз. Купуялык адамдарга өзүн эркин сезип, кызматтарыбызда маалыматты кантип жана качан бөлүшүүнү тандоого мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле баарлашууну жеңилдетет.
КАДЫР-БАРК
Бардык адамдар бирдей даражада кадыр-баркка жана укуктарга ээ экенине ишенебиз. Адамдар башкалардын кадыр-баркын сыйлайт жана аларга асылбайт же кемсинтпейт деп үмүттөнөбүз.
Коомдоштук стандарттары
Коомдоштук стандарттарыбыз бүткүл дүйнө жүзү боюнча бардык адамдарга жана контенттин бардык түрлөрүнө, анын ичинде Жасалма интеллект түзгөн контентке карата колдонулат.
Коомдоштук стандарттарынын ар бир бөлүмү андагы эреженин максаттарын камтыган "Эрежелерди негиздөө" менен башталат жана төмөнкүлөрдү аныктаган эреженин конкреттүү мазмуну берилет:
Тыюу салынган контент; жана
Тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү үчүн кошумча маалымат же контекст талап кылынган контент, эскертүү экраны менен уруксат берилген контент же 18 жаштан жогору адамдар гана көрө алган уруксат берилген контент.